Дарыкандан сатып алган дарыны кайтарып берсе болобу?
Саламатсызбы! Дарыканада иштейм. Элдер дары алып, жакпай калды деп кайра 2-3 күндөн кийин алып келе беришет. Албай койсок болобу же алышыбыз керекби? Бул мөөнөт аралыгында алар дарыны кандай жерде сактаганы белгисиз бойдон калууда.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
КРнын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги
№137 токтому менен бекитилген, "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндөгү" Регламенттин 8-бөлүгүнүн 70-пунктунда, «Дарыкана уюмдарына жеке адамдардан алар мурда сатып алган дары-дармек каражаттарын кабыл алууга тыюу салынат» деп жазылган.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү мыйзамынын 24-беренесинин негизинде, «Эгерде товар формасы, көлөмү, фасону, түсү, өлчөмү боюнча же башка себептер менен керектөөчү тарабынан тиешелүү максаты боюнча пайдаланылышы мүмкүн болбосо, керектөөчү сапаты талаптагыдай болгон мындай азык-түлүк эмес товарды өзү сатып алган сатуучудан алмаштырып алууга укуктуу. Керектөөчү сапаты талаптагыдай болгон азык-түлүк эмес товарды сатылып алынган күндү кошпогондо он төрт күндүн ичинде алмаштырып алууга укуктуу» деп көрсөтүлгөн.
Ошондой эле алмаштырылбай турган товарлардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Бул тизме менен http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/33790 шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот.
Эгер маани берген болсоңуз, мен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун жана Кыргыз Республикасынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү мыйзамды келтирдим жана бул эки укуктук акт бири-бирине карама каршы. Ошондуктан, кайсы бирине шилтеме жасоо керек экенин айта кетсем.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү мыйзамынын 6-беренесинде, "Ченемдик укуктук актылар юридикалык күчүнүн деңгээли боюнча төмөнкүдөй иерархияда жайгашат" деп, мыйзам өкмөттүн токтомунан юридикалык күчүнүн деңгээли жогору экендиги көрсөтүлгөн.
Демек, сиз Кыргыз Республикасынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү мыйзамынын 24-беренесинин негизинде товарды алмаштырып беришиңиз керек.