// //

Күйөөм эми эч нерсеге жарабайсың деп таштап кетти. Климакс болгон аялдын баяны

2019.08.02, 11:11
11043

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Ар бир аялдын башынан өтчү - климакска туш болгон Майрам айым (аты өзгөртүлдү) редакциябызга кайрылып, оорукчансың деп күйөөсү таштап кеткенин айтты. 

Майрам: күйөөм эми эч нерсеге жарабайсың деди

Эмнеден баштаарымды да билбей турам. Уялам, бирок, жашыра албайм.  Менде климакс башталды. Бат-баттан ооручу болдум. 3 жолу бейтапканага жатып чыктым. Азыр тамчылатма дары алып жатам. Аябай жүдөп кеттим.

3 уулум бар. Баары үйлөнүп-жайланышкан. Мотурайган 9 неберенин чоң энесимин.

Мен деле климакс болгом, ошо да көйгөйбү деп ойлошуңар мүмкүн. Бирок дал ушул качып кутулгус климакстын айынан күйөөм таштап кетти.

Оорумдун себеби климакс экенин билгенде, “эми эч нерсеге жарабайсың” деп жаш кыз-келиндерге барчу болду.

Мына, бир айдан бери ажырашкан бир келин менен жүрөт. Анысы кичүү балабыз менен тең экен. Болгону 23 жашта. Үйүнө барып, күйөөмдөн оолак бол десем, кууп чыкты.

Эмне кылышты да билбей калдым. Күйөөм эки жумадан бери үйгө келе элек. Кыязы, ошонукунда болсо керек. Ушунча жыл чогуу жашадык, эми минтип климакстын айынан ажырашып кетебизби? Кантип күйөөмдү кайтарсам болот?

Психолог Тамара Воронцова Майрам айымга төмөнкүдөй кеңеш берди

Көйгөй климакста гана эмес. Келиңиз ойлонуп көрөлү.

Климакс бул оору эмес, организмдин кайрадан жаңыланышы, 5-15 жылга чейин созулат. Демек, айланадагыларга болуп жаткан ыңгайсыз көрүнүштөргө даттана бербей, аны кабыл алып, ыктоо зарыл.

Бул үчүн, активдүү жашооңузду узартып, ден соолугуңузду жакшыртчу  -  аялдардын гормонун жазып бере турган жакшы гинеколог-эндокринолог табышыңыз керек. Ошондой эле, ал организмиңиздеги витаминдердин, микроэлементтердин деңгээлин жөнгө салып, атайын дарыларды дайындайт.

Кыязы, ооруканада башка себептер менен жатасыз: кан басым, жүрөк, атеросклероз же дагы башкалар. Терапевт же невропатолог дайыма кабыл алып турчу дарылардын дозасын жазып берет.

Бир нерсени баары түшүнүшү керек, эркек кайсы гана куракта болбосун, ооруган, ыйлаган, даттанган аялдарды жаман көрөт. Ошондуктан, болуп жаткан абалга чыдамдуу болуп, активдүү жашоо образын жүргүзгөнгө, маанайды көтөргөнгө аракет кылуу керек.

Эркектердин арасында, “климакс - болду эми - кемпир” деген миф бар.  

Бирок алар бир нерсени билип коюшу керек, эркектердин сексуалдык функциясы жаш өткөн сайын алсырайт, ал эми аял климакс учурунда да күн сайын жыныстык катнашка барышы мүмкүн.

Күйөөңүз жаш келин менен, ал дени сак жана шайыр болгону үчүн сүйлөшүп жатат. А сиз күйөөңүз менен акыркы жолу качан тамашалашып, сейилдеп, каалаганча секс менен алектенгенсиз? Оору-сыркоого, кайгыга чумкуп кирбеңиз. Күйөөңүз дарыгер же сиделка эмес, ал эркек. Ойношторуна баруунун кереги жок, бул төмөнсүнгөндүк, ошондуктан ал сизди кууп чыкты.

Ал келин менен узакка чейин болбойт. Акча түгөнөт, эркектин сексуалдык активдүүлүгү төмөндөйт, 60тан өткөндөн кийин оору жана көйгөйлөрү менен 23 жаштагы кызга кереги жок болуп калат, аялы гана калат. Тилекке каршы, эркектер бул тууралуу унутуп коюшат.

Күйөөңүзгө жабышып, аны күч менен алып келүүгө кереги жок. Өз жашооңуз менен алектениңиз, азыр болбосо дагы качан? Күйөөңүз, балдарыңыз же неберелериңиз (булар менен каалооңуз боюнча) менен эмес, өзүңүзгө убакыт бөлүңүз. Сизге эмне жагат: хобби, саякаттоо, кызыгууларыңыз ж.б. дегендей.

Сулуу, жаш, шайыр болсоңуз жашоо кызыктуу болот. Салонго барыңыз, жаңы көйнөк сатып алыңыз, ай сайын косметологго кайрылып туруңуз. Балдарыңыз жардам берет, тойго деген акчаларды, жакшысы өзүңүзгө коротуңуз. Күйөөңүз акыл-эсине келип, балким, кайтып келет. Даттанган, арызданган аялдын ордуна, сулуу, активдүү, кызыктуу аялды көрөт.

Эмне гана болбосун, күн сайын бактылуу болуш керек. Элестетиңиз, кудай сактасын дейли, бирок күйөөңүз каза болуп калды дейли. Кантип жашайт элеңиз? Ошентип жашаңыз!

Ажырашсаңыз, эл эмне деп айтат? Алардын пикирине кылчайып кароонун кереги жок, сүйлөшөт да, кийин унутуп коюшат. Балдар жана чөйрөдөгүлөр, жаш кызга кетип калган улгайган эркектерди айыптайт.

Адамдар ар кайсы куракта экиге бөлүнөт, бул уят эмес.

Ошондуктан өзүңүз жөнүндө ойлонуп, жыргап жашаңыз! Баары жакшы болот! Жок эле дегенде, сиздин ден соолугуңуз жана маанайыңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт