Футбол ойноп тиземди оорутуп алдым, бутум айыгабы? Ортопед жооп берет
Менин бутум бир жыл мурун Осгуд Шляттера болуп, тиземдин астында бир шишик пайда болду. Бардык дарыларды ичип, ийне алгам. Айыгып калган. Бирок отуруп турганда, секиргенде ынгайсыздык жаратат.
Өзүм футболчумун. Спортту таштагым келбейт. Толугу менен айыксам болобу?
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, ортопед
Отуруп турганда, секиргенде оорутканы бул травманын кесепеттери. Тилекке каршы андан кутула албайсыз.
Осгуд Шляттера оорусу көбүнчө 9 жаштан 16 жашка чейинки өспүрүм балдарда, анын ичинен спорттун активдүү түру менен машыккан эркек балдарда көбүрөөк болот.
Себеби бул мезгилде баланын скелети тез өсүп, булчуң массасы сөөктүн өсүү темпине жетишпейт. Ал мезгилде тизеге бөтөнчө күч келет.
Сиз жакшы эле дарыланган окшойсуз. Бирок мындай учурда доктурлардын башкы рекомендациясы тынч жатуу, профессионалдык спорттон баш тартуу.
Бирок, футболду таштагыңыз келбейт окшойт. Менин сизге бере турган кеңешим: убакыттын өтүшү менен байламталарыныз оорушу мүмкүн. Ошондуктан машыгуу учурунда кайрадан жаракат алуу коркунучун алдын алып, тизеңизге “наколенник” кийип жүрүңүз.
Ден соолукта болуңуз!