// //

Эрмек Джуматаев, маркетолог: "Ар бир адам өзүнчө бренд"

2018.09.26, 12:00
4120

Эрмек Джуматаев Beeline уюлдук компаниясынын маркетинг бөлүмүн башкарат. Кыргызстандагы Beeline жарнамалары дал ушул адистин колунан өтөт. 

Түз эфирибиздин коногу Эрмек Джуматаев маркетинг кесиби тууралуу айтып берди. 

Өзүм жөнүндө

Мен АУЦАнын Бизнести башкаруу факультетинин маркетинг бөлүмүн бүтүргөм. Бир жарым жыл Чехиядан маркетинг жана менеджмент адистиги боюнча билим алгам. Жарнама агенттигинде иштеп, окуумдун акысын төлөгөм. Чехияда билим алуу, жашоо арзан. Бир кемчилиги - чех тилин билишиң керек. 

Маркетинг тармагына кантип келдим

Мектепти бүтүргөндө кайсы кесиптин ээси болоорумду билчү эмесмин. Эки досум менен АУЦАга бардым. Экөө эл аралык мамилелер факультетине тапшырды. Мен эл аралык жана бизнес факультетин тандадым. Бизнеске өтпөй каламго деп ойлогом. Себеби, математикадан начармын. Даярданбай барып, тест тапшырдым. Эң аз 270 упай алыш керек эле. 3 күндөн кийин барып жыйынтыгын карасам, өтүп кетипмин. 2 жыл аябай кыйналдым. Себеби математиканы көп окутат болчу. 3-курстан баштап сабак тандайбыз. Өзүм чыгармачыл адаммын, көп ойлонбостон маркетингди тандадым. 

Кантип жумушка орноштум

Адистикти тандагандан кийин жумуш табыш керек болду. Резюмем жөн эле кагаз, атым менен телефонум эле жазылган. Job.kg сайтына жүктөп, компанияларга жибердим. Эч ким чалбайт. Резюмемде атым эле жазылуу, менин таланттуу экенимди алар кайдан билмек эле деп ойлодум. Интернетке кирип резюме түзүү тууралуу изилдеп баштадым.

Анан жумушу бар досторума чалып, силерде стажёр болгон деп айтып койгулачы дедим. Макул болушту. Кокустан жумуш берүүчүлөр сурап калбасын деп, эмне жумуш кылышат билип алдым. Интернетте жакшы резюме бир баракка батат деп жазылган экен. Меники оңой эле батып калды. 5-6 күндөн кийин жумуш берүүчүлөр чакыра башташты. Азыр ал учурду жылмаюу менен эстейм. Жаштарга айтаарым, окуп жүргөндө эле стажировкаларга барсаңар, мендей болуп кыйналбайсыңар.

Маркетинг мен үчүн...

Биздин кесип аябай кызыктуу жана популярдуу. Мыкты маркетолог болом десең, 24 саат иштешиң керек. Жумушубузда бир нерсени көп кайталай берсең, бир орундан жылбайсың. Күн сайын болбосо дагы, жума сайын жаңы нерселерди ойлоп табабыз. Бөлүмүбүздө чыгармачыл адамдар топтолгон. Милдетибиз товар же кызмат жөнүндө маалыматты кызыктуу формага салуу. Биз кичине бийчи, кичине сүрөтчү, кичине ырчы, кичине режиссёрбуз. 

Жумушумдан эмне таптым

11 жыл мурун маркетингди тандаганыма эч өкүнбөйм. Көптөгөн дос күттүм. Маркетологдор коммуникативдүү болушубуз керек. Жумушубуздун 80 пайызы адамдардын каалоолорун изилдөө. Бул жерден жеңил мүнөзүмдүн жардамы тийди. Кишилер менен бат эле тил табышып кетем.

 

 

 

 

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт