Укмуштуудай эмерек жасаган Замирбек устанын ийгилик сыры
Нарын шаарында өз ишин мыкты билген - Замирбек Үсенбаев деген чебер жашайт. Учурда ал укмуштуудай эмерек жасап чыгарган "Эльзар" жыгач устаканысынын жетекчиси.
"Бала кезимен бери өз колуң менен жасалган нерселерге суктанып, аларды баалачумун. Алар өзүнө устанын дүйнөгө болгон көз карашын жана жылуулугун камтыйт. Кыязы, ошондуктан, ар дайым кооз нерселерди жаратканды каалагандырмын!" - дейт Замирбек.
Замирбек Үсенбаевдин карьерасы "Кыял" мамлекеттик устаканасында башталган. Ал жерде 10 жылдай эмгектенип, 1997-жылдан кийин Нарын шаарындагы жеке жыгач устаканасына ишке орношот. Ошентип, акырындап жеке бизнес ачуу идеясы пайда боло баштайт. 2007-жылы чакан ишин каттоодон өткөрүп, насыя алганы "Айыл Банкка" келет.
"Ишкерликке жаңыдан аралышып жатканда, ашыкча жүк болот деп ойлоп, банктан жардам алгандан корктум. Бирок, үй-бүлөм мени колдоду жана бул маанилүү кадамды жасоого мүмкүндүк берди. Мындан тышкары, менде башка арга жок болчу, бизнести өнүктүрүүгө каражат керек эле. Кыялдымдан баш тарткым келген жок!"
"Айыл Банкка" кайрылганыма абдан кубанычтамын. Бул жерде иштеген кызматкерлер менин идеяма сүңгүп кирип, бизнес план түзгөнгө жардам берип, суроомо чыдамкайлык менен жооп берип, жан дүйнөлөрү менен берилип мамиле кылышты",-деп эскерет ишкер.
Замирбектин айтымында эмерек өндүрүү ар кандай чыгашаларды талап кылат: атайын станоктор, инструменттер, өзгөчө материалдар, персоналды дайыма окутуу ж.б. "Айыл Банк" мындай өнүдүрүшкө ылайыктуу насыя табуу үчүн колунан келген бардык нерсени кылды. Жыйынтыгы - кирешелүү жана бутуна бекем турган дагы бир ишкана пайда болду .
"Кыялыңарга ишенгиле жана эч качан багынбагыла! "Айыл Банктын" жардамы менен минтип кыялым орундалып олтурат",- деп Замирбек сөзүн жыйынтыктады.