// //

Кызымды кайын журтума бергим келбейт. Психологдун кеңеши

2019.07.16, 10:00
1282

Саламатсызбы! Кызымды кайын журтума бергим келбейт, ал эки жашта. Барса да мени менен чогу барып, чогу келишин каалайм. Себеби кыз баланы өзүнүн энеси тарбиялаганы туура деп ойлойм. Чоң ата, чоң апасынын колунда болуп калса, мени укпай, эрке болуп чоңоебу, деп корком.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.07.2019, 10:01

Карлыгаш Акикулова

“Psihoanaliz.kg” психотерапия борборунун адиси, психотерапевт

Саламатчылык! Сиз жазган суроону тушүнгөн жокмун. Кызыңызды узак убакытка алгылары келип жатабы? Эгер андай болсо, ооба сиз туура айтып жатасыз. Бала энесинин жанында болушу керек.

Бирок кызыңыз чоңоюп жатат, сиздин мээримиңизден сырткары чоң ата, чоң апа, таята, таенелеринин да мээримине, көңүлүнө муктаж. Бул тарбия берүүнүн олутту бөлүгү. Баланы аларга жолотпой коюу туура эмес. Улуу муундагыларга ишенип баланы калтыруудан коркпоңуз.

Ооба, чоң апалар неберелерин чексиз жакшы көрүшөт, алардын тарбиясы ата-эненикинен айырмаланат. Кээде ата-энеси тыйюу салган нерселерге уруксат беришет. Бирок бул алардын функциясы.

Бир дагы чоң апа, чоң ата баланын өз ата-энесинин ордун баса албайт. Бала үчүн апасы жана атасы дүйнөдөгү эң маанилүү, эң сүйүктүү адамдар.

Кызыңызга кайын энеңизге калтырганда, эмнелерге уруксат жана тыюу салынганын айтыңыз, эмнеге андай экенин түшүндүрүп бериңиз. Мисалы, таттуу жегенге болбойт, себеби аллергиясы бар, муздак сууга ойногон болбойт, себеби жаны эле жөтөлүп жакшы болду. Күндүз уйкусу келбесе тим коюңуз, кээде уктабайт, ж.б.

Эгер кызыңыз чоң апа, чоң атасын жакшы көрсө, эмнеге алар менен калтырып болбосун? Калтырып жатканда кызыңыз менен сүйлөшүп, убактылуу калтырып жатам, “эртең-эртең келип сени алып кетем” – деп түшүндүрүңүз. Бала аны таштап кетти деген ойдо калбасын.

Менимче мезгил мезгили менен кайын журтуңузга баланы калтыруу бала үчүн да, сиз үчүн да, кайын журт үчүн да пайдалуу болот.

Ийгилик!

 

Psihoanaliz.kg борбору Bilesinbi.kg’нин окурмандарына 20% арзандатуу берет. Психологго кайрылгыңыз келсе 0702 32 22 22 телефону аркылуу консультацияга жазылсаңыз болот. Инстаграм баракчасы @psihoanaliz_kg

 

 
0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт