// //

Бутума сөөл чыккан. Кантип жоготсом болот? Дерматологдун жообу

2019.07.15, 16:49
2744

Саламатсызбы. Бутума сөөл чыгып кичинеден көбөйүп жатат. Ошону кантип жок кылса болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.07.2019, 16:49

Бакыт Курманалиева

“Эркай” клиникасынын адиси, дерматолог

Сөөл адамдын организминде папиллома вирусу пайда болгондо чыга байштайт. Кээде өзү эле чыгат. Бирок, көпчүлүк учурда организмде: аскорида, лямбли, токсокар сыяктуу мите курттар бар дегенди билдирет. Аларды так аныктоо үчүн анализ тапшыруу зарыл. Анализдин жыйынтыгына жараша дарылар жазылат.

Убагында дарылабаса, сөөлдөр улам көбөйүп, башка жерге жылып, чоноёт.

Үй шартында Чистотел дарысын же Резорцин мазын аптекадан алып колдонсоңуз болот. Бирок бул процесс узак жана терини күйгүзүп алуу коркунучу жогору.

Суйюк азот менен да медициналык клиникаларда алышат. Мен аны өзүмдүн бейтаптарыма сунуштабайм. Себеби, баасы өтө кымбат, процедура ар дайым эле натыйжа көрсөтпөйт.

Каогулятор тез жардам берет. Бул процедураны пластикалык хирургтар же онкодерматологдор жасашат.

Бул чаралар оорунун сырткы белгилерин жок кылуу болуп саналат. Мындан тышкары сөзсүз бир курс дарылануудан өтүү зарыл.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт