Балам тамак эмес топурак жейт. Коркунучу жокпу? Педиатр жооп берет
Саламатсызбы. Балам 4 жашта, кагаз, топурак, кум жейт. Коркунучу жокпу? Кандай витамин беришим керек?
Елена Халитова
Педиатр
Саламатчылык. Бул симптомдор темирдин жетишсиздиги, аз кандуулуктун белгилери болушу мүмкүн. Аз кандуулук көбүнчө кичинекей балдарда, өспүрүмдөрдө жана аялдарда кездешет.
Эки жашка чейинки кичинекей балдар анан жыныстык жетилүү учурунда өспүрүмдөр көп орушат. Себеби организм тез өсүп, темирге болгон муктаждык кескин жогорулайт.
Сиз төмөнкү текшерүүдөн өтүшүңүз керек:
- кандын жалпы анализи;
- темир сары суусунун (железо сыворотки) анализи;
- заңдын копрология анализи – тамакты сиңирүү жана өздөштүрүү көйгөйлөрүн аныктайт жана мите курттардын бар жогун көрсөтөт. (ичтеги мите курттар да анемиянын себепкери болот).
Анемияны дарылоо оор эмес, бирок узак. Анализдердин жыйынтыктары чыккандан кийин дарыгер эсептеп, балага темир препараттарын жазып берет. Аны бир эле маалда, үзбөй ичүү зарыл. Дарылануу процессин толук кандуу жана баланска келтирилген тамактануу тездетет.
Балаңыз сакайып кетсин!
Педиатр Елена Халитованы Facebook баракчасынан тапсаңыз болот.