// //

Аялым дүлөй болуп калыптыр десем, кеп башкада экен

2019.07.12, 14:36
2064

Жубайларга сабак болоорлук, аягы күтүүсүз бүткөн окуя. 

Күйөөсү аялынын угуусу начарлап калганын байкайт. 30 жылдан бери чогуу жашап келаткан аялын беш колдой билчү – талаш-тартышты алдын алуу үчүн, алгач дарыгер менен кеңешип, кийинчерээк далилдерди көрсөтүп, дарылануу тууралуу сүйлөшүүнү баштайм деп чечет.

Дарыгер үй шартында жөнөкөй бир тест жүргүзүп көрсө болоорун айтып, жыйынтыгана жараша диагноз коебуз дейт:

- Бул ыкманы колдонуп көрүңүз. 15 метр аралыкта туруп алып, аялыңызга бир суроо узатыңыз. Жооп бербесе, жакын келиңиз. Ошол эле суроону 12 метр алыстыкта туруп бериңиз, кийин 9, кийин 6, кийин 3 метр, кыскасы жооп бергиче жакындай бериңиз. Ошентип, анын угуу маселеси барбы же жокпу билесиз.

Үйүнө шашып жөнөйт. Келсе, аялы кечки тамак бышырып жатыптыр. Дарыгердин айтканын жасап көрүүнү чечет. Аялынан 15 метр алыс туруп, минтип сурайт:

-Алтыным, бүгүн кечкиге эмне жейбиз?

Аялы жооп бербейт.

12 метрге чейин жакындап , “Алтыным, кечкиге эмне тамак?” – дейт.

Аялы үн катпайт.

9 метр аралыктан: “Алтыным, эмне жасап жатасың?”

Дагы жымжырт.

6 метрге чейин жакындап келип: “Кечкиге эмне тамак жасадың, жаным?”

Жооп жок.

3 метрден: “Бүгүн эмне жейбиз?”

Тилекке каршы, аялы дагы жооп бербейт.

Акыркы жолу аракет кылып, аялынын аркасына келип туруп, “Алтыным, бүгүн кечкиге эмне жейбиз?” – деп сурайт.

Аялы бурулуп: “Сага бешинчи жолу кайталап жатам: тоок жейбиз!”.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
М
Миргул Муктарова
12.07.2019, 15:01

Бул эмне анекдотпу? Аягы тушунуксуз экен. Же куйоосуно таарынып суйлобойтабы????.....

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
12.07.2019, 17:21

Өзү укпай калган... Аялынын берген жообун укпайт

 

0
Пайдалуу жооп
Т
Таалайкул
12.07.2019, 18:22

 Ошондо куйоосу озу укпайт экен да.

0
Пайдалуу жооп
К
Корсо куйоосу дулой экен
12.07.2019, 19:22

Корсо куйоосу дулой экен 

0
Пайдалуу жооп
12.07.2019, 22:04

күйөөсүнүн өзүндө экенда проблема.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
13.07.2019, 16:52

Куйоосу озу дулой экен.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
14.07.2019, 23:00

Корсо куйосу укпайт экен

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
24.07.2019, 16:09

Мастерскойго бир киши телевизорун алып келет, уну чыкпай жатат деп. Мастер эмне болду десе. Анда тиги киши, телевизор коруп отуруп кулагымы мык менен чукулап отургамын, бир убакта бац... ! Телевизордун звугу очуп калды дейт экен.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт