// //

Боюңда барда топурак жесе болобу? Гинекологдун жообу

2019.07.12, 13:14
8478

Саламатсызбы. Менин боюмда бар, аябай топурак жегим келип турат. Балага терс таасири тийип калбайбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.07.2019, 13:14

Машхура Ишмухамедова

Гинеколог

Саламатчылык. Топурак жегениңиз балага зыянын тийгизбейт. Бирок, буга көңүл буруу керек. Топуракты каалаганыңыз, канда темир жетишпегенин көрсөтүп турат. Сөзсүз анализ тапшырып, гемоглобиндин деңгээлин аныктоо зарыл. Эгер анализдин жыйынтыгы анемияны тастыктаса, демек курсактагы бала кычкылтектин жетишсиздигинен жабыркап жатат. Бул анын өсүп-өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет.  

Анемия болгондо темир камтыган препараттарды жана тамак ашты ичүү зарыл. Гинекологго кайрылсаңыз кандай витамин ичүү керек экенин жазып берет.

Темир камтыган азыктар:

  • уйдун эти, өзгөчө тили;
  • буурчак, нокот, гречка;
  • ашкабактын семичкелери, кадимки семичке, кунжут;
  • жаңгак, жер жаңгак, бадам;
  • кургатылган мөмөлөр – алма, өрүк, мейиз, курма;
  • мөмө жемиштер – ит мурун, алма, кара карагат;
  • жер жемиштер – кызылча, ашкөк, сарымсак.
0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт