// //

Чүчкүргөндө, жөтөлгөндө заарамды кармай албайм. Гинеколог жооп берет

2019.07.11, 16:32
1735

Саламатсызбы, жашым 21де, 3 баланын энесимин. Акыркы төрөтүмдө дарыгерлер жатының жумшак экен, деп айтышкан. Азыркы күнгө чейин жатыным жыйрылган жок. Чүчкүргөндө, жөтөлгөндө заарамды кармай албай калам.

Жатынды кичирейте турган, бирок ден соолукка терс таасири тийбей турган атайын мазь же крем барбы? Эмне колдонсом болот? Канткенде мурдакы ордуна келет?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.07.2019, 16:33

Айнура Азарова

Гинеколог

Саламатсызбы, урматтуу айым. Бешик бооңуз бек болсун! Сиздин сурооңузга жооп бере турган болсом, жатынды кичирейте турган атайын крем же мазь болбойт. Мен сизге гименопластика, башкача айтканда жатындын пластикасын жасатууну сунуштайм. Болбосо үйдөн өзүңүз кегель көнүгүүлөрүн жасап көрсөңүз болот. Туруктуу жана туура жасасаңыз, жатындын булчуңдары жыйрылып, кыйла кичирейет.

Ден соолукта болунуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт