// //

Миоманы алдырткам, дагы деле жакшы боло элекмин. Эмне кылышым керек?

2019.07.11, 14:50
1853

Мен жакында эле миоманы алдырып операцияга жаткам. Операциянын алдында бир жумуртканы калтырабыз дешкен, бирок барын алып салууга туура келиптир. Үч күндөн кийин бастырабыз деп дарыгер мени жетелегенде эсимди жоготуп кулап калыптырмын. Көзүмдү ачсам реанимацияда жатыптырмын. Мага тромб жарылды деп айтышты. Жазып берген уколдору жардам бербей жатат. Эмне кылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.07.2019, 14:51

Раушан Джумагулова

Акушер-гинеколог

Саламатсызбы урматтуу айым. Миоманын көлөмү канча эле? Тромб кайсы жерде пайда болуптур? Гистологиянын жыйынтыгы кандай чыкты эле? Сизге бере турган суроолорум көп.

Сиздин анемнезди билбей, ооруңуз тууралуу толук маалыматым болбогон соң жалпы эле рекомендацияларды бере алам.

  1. Гинекологдун көзөмөлүндө болуңуз;
  2. Операциядан кийинки бандажды тагынып жүрүңүз;
  3. Оору татаалдашып – тромбоз болгондон кийин кандын уюшун текшерүү үчүн гематологдун консультациясы;
  4. Неврологдун консультациясы керек;
  5. Жаш курагыңызга жана анализдин жыйынтыгына жараша орун басуучу гормоналдык терапияны дайындоо зарыл.

Текшерилүү жана дарылоо комплекстүү жүрүүгө тийиш.

Ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт