// //

ЗАГСты кантип кыркса болот? Юрист айтып берет

2019.07.10, 16:11
3944

Саламатсызбы! Менин курбу кызым ажырашты. ЗАГСты кандай кылып кыркса болот? Экинчи жолу кайра нике күбөлүгүн алалабы? Кененирээк маалымат берип коесузбу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.07.2019, 16:14

Нурислам Раимжанов

Юрист

Урматтуу окурман, ортодо жашы жетелек балдары жок болсо жана эки тарап ажырашууга макул болсо, чогуу ЖААК органдарына барып, ажырашуу жөнүндө арыз беришсе болот. Эгерде тартаптардын бири ажырашууга макул болбосо, анда сотко никени бузуу жөнүндө доо арыз менен кайрылуу керек.

Экинчи ирет никелешүү тууралуу күбөлүк алууга токтолсом, мыйзамда экинчи же үчүнчү ирет нике күбөлүгүн алууга тосколдук жок. Болгону бир учурда эки адам менен никелешүү жөнүндө кубөлүк алууга болбойт.

Мисалы, курбуңуз жаңы турмуш куруп, никесин ЖААК бөлүмүнөн каттоодон өткөрдү дейли. Аз өтпөй ажырашып, бирок никесинин бузулгандыгын каттоодон өткөргөн жок. Кийин башка бирөөгө турмушка чыгып, никелешүү күбөлүгүн алайын дегенде, курбуңузга күбөлүк беришпейт. Анткени ал бузулган никесин каттоодон өткөргөн эмес. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт