20 жаштагы сиңдим эсинен ажырап калабы деп корком. Кеңеш бериңизчи?
Саламатсызбы. Сиңдим 20 жашта. Кайсы жака, кимге кайрыларыбызды билбейм. Апамдын каза болгонуна 5 ай болуп калды. Ошондон тартып өзүн жоготуп, себепсиз кыйкыра берет. Башында аза тартып жатат, деп көңүл бурган эмеспиз. Бирок бул адаты дале кала элек. Молдолорго, больницага деле алып бардык, жазып берген дарыларды ичти.
Апамды жоготконум аз келгенсип, сиңдим эсинен ажырап калабы деп корком. Андан башка эч кимим жок. Кеңеш бериңизчи, эмне кылышым керек?
Карлыгаш Акимкулова
психотерапевт
Кайрат кылыңыз. Апаңан айрылуу, аябай чоң кайгы. Бул жоготуу эч качан унутулбайт, көпкө чейин жан дүйнөңдү кыйнайт. Сиз үй-бүлөнүн улуусу болгон үчүн токтоо, оор басырыктуу окшойсуз. Бирок, сиңдиңиз сизден айырмаланып сезимтал турбайбы. Анын психикасы үчүн бул көтөргүс жүк болду. Апасына аябай жакын болсо керек, аны менен кошо өзүн да жоготуп жатканы ошондон болушу мүмкүн.
Тилекке каршы ал ооруп жатат. Сиз психиатрга кайрылышыңыз керек. Докутрлар бул абалдан чыгууга жардам беришет. Өз алдынча мурунку калыбына келтирүү кыйын болуп калат. Квалификациясы жогору адиске кайрылыңыз.
Ийгилик!
Асель Баимбетова
Психолог
Сиңдиңизге жөн эле дарылар жардам бербейт. Стресске курч реакция болуп жаткан экен. Ал госпитализацияга муктаж. Психикалык оорулар боюнча Республикалык борборго кайрылыңыз. Адистер, кандай оору экенин аныктап тиешелүү жардам көрсөтүшөт. Убакытты созбоңуз.