// //

“Турмушка чыктыңбы, жаша! Үйгө келчү болбогун!”

2018.09.21, 12:08
11235

Ата – энем салтты катуу карманган кишилер. Алты бир тууганбыз. Бирөөбүздү дагы ашыкча эшикке чыгарышпайт. Мектеп, үй, китепкана – бул биздин система. Баарыбыз жакшы окуйбуз. Кызыл аттестат, кызыл диплом, магистратура ж.б.

Кадырбек менен университетте окуп жүрүп тааныштым. Ал сулуучумак келген, боюу узун, ак жумал жигит эле. Ар бир кыздын оозунда анын аты. Билбейм, мендей “серая мышты” эмнеге тандады. Үйлөндүк. Кайын-журтум айылда тургандыктан, окуубуз бүткүчө шаарда жашамак болдук.

Бизде баары жакшы болчу, боюмда болгуча. Оба, биз азыр балалуу болбой турушубуз керек эле. Жашпыз, окууну бүтө элекпиз, үйүбүз жок. “Коргонбойт белең” сүйүнчүм ушу болду. Кучактап, куттуктаган да жок, басып кетти.

Көңүл бурган жокмун, бир жагынан аныкы да туура. Мага болгон кызыгуусу жоголо баштады. Үйдө көп турбайт, азыктарыбыз түгөнгөнүнө 3 күн болду, иши жок. Ичимдеги баланы ойлоп дагы койбойт. Ата-энемдин кысымында чоңоюп, өз оюмду айта албайм, катуу урушканды да билбейм. Мен көлөкө болуп калдым.

Кыздуу болдук. Ата-энебиз айылдан келе алышпады. Төрөт үйүнүн астында 3 саат күттүм. Ага болгон таарынычымдан эмес, медайымдардан уялганымдан ыйладым. Такси жибериптир, өзү жок.

Үй чачык, тазаланбаган. Кызымды жаткырганга жер жок. Төрөттөн кийин айымдар эс алат эмеспи, а менчи, күйөөмдүн мен жокто өткөргөн жыргал жашоосунун калдыктарын тазалап жүрдүм.

Бир да жолу кызынын бетинен өпкөн жок. Ыйласа сыртка чыгып кетет. Окуум да калды.

Менин көзүмчө кыздар менен сүйлөшүп олтура берет. Аларга айткан сөздөрүн укканда, өмүрү мага антип айтпаганына арданып ыйлайм. Акыры чыдай албай кийимдеримди чогултуп ата-энеме кеттим.

Дарбазаны апам ачты, үйгө кир дебестен “Эмне келдиң, турмушка чыктыңбы, чыдап жаша, экинчи келчү болбо!” – деп эшикти жаап койду.

Самсаалап кайра артка келдим. Күйөөм кеткенимди билбептир дагы. Кызым бир аз торолгончо жашап турмак болдум. Кызымды көтөрүп алып сабакка барам. Бош отурган кыздарга карматып коюп, парага кирем.

Стипендияма жайма базардан тигүүчү машина сатып алгам. Кечкисин юбка тигем, эртең менен курсташ кыздарыма алып барып көрсөтөм. Жактыргандар алат. Артканын көтөрүп келем. Баары мен жөнүндө сөз кылып жатканын билем. Жүдөгөн, колунда баласы, кийимдери эски. Маани берген жокмун десем алдаган болуп калам. Түнү менен ыйлайм. Эртең менен кайра сабакка жөнөйм.

Окуумду бүтүрдүм. Күйөөм бир айдан бери үйгө келе элек. Ата-энем, бир туугандарым кабар албайт. Менин бирөөгө керегим барбы!?

Ажырашууга арыз жаздым. Алимент алган жокмун. Тигүү цехине жумушка орноштум. Кызымды бала бакчага бердим. Азыр жеке жумушум бар. Мектеп формасын тигебиз.

Апам ошондо үйгө киргизбей койгону туура болуптур. Өмүр боюу алардын жемесин угуп жашамак экенмин.

Кызыма татыктуу тарбия берсем дейм. Билимдүү, дүйнө кыдырган адам болуп чоңоюшун каалайм.

Мен бир нерсени түшүндүм: “Өзүңө гана ишенип жашап, бирөөгө эч качан үмүт артпаш керек экен.”

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт