// //

Кыздарды тарбиялаган энелер кетирген 5 жаңылыштык

2019.07.09, 16:47
7895

Эне үчүн кыздуу болуу чоң бакыт. Кыз апасынын жардамчысы, сырдашы, жөлөгү. Ар бир эне кызынын бактылуу болушун каалап, келечектеги жашоого даярдайт, туура тарбия берүүгө аракет кылат. Психолог Эльвира Чокоева, кыздарына тарбия берүүдө энелер кетирген 5 жаңылыштык тууралуу Bilesinbi.kg’ге айтып берди.

  1. Башка балдар менен салыштыруу

Апалар балдарына мотивация берүү үчүн башкалар менен салыштырышат. Мисалы: “Айнура аябай жакшы окуйт экен. Бүт барын өзү жасайт! А сен болсо, мен жардам бербесем, сабактарыңды да окубай отура бересиң!” же болбосо, ар бир ата-эне айта турган сөз “Элдин балдары оокат кылып жүрүшөт, меники эле жалкоо!”. Мындай сөздөр баланын өзүнө болгон ишенимин жоготот. Чоңойгондо деле өзүн башкалар менен салыштырып, башкалардан кем сезип жүрө берет. Элдин баары ага караганда ийгиликтүү, бактылуу, жетишкен турмушта жашайт, мен эле жалдырап жүрөм, деп ойлойт.  

  1. Жасаган иши үчүн эле мактоо (өзгөчө үй иштери боюнча)

Кыз энесине жардам берип, тиричиликти жүргүзө билгени сонун. Бирок, тамак жасоо, үй жыйноо, кир жуу - жашоодогу башкы максат эмес. Эненин негизги максаты өзүн-өзү сыйлаган, өзүнө-өзү ишенген, бактылуу кызды тарбиялоо. Эгер ал кызын, идишти жууганы, үйдү таза жыйнаганы үчүн эле мактаса, башкаларга жагынуу үчүн алардын көңүлүн алуу керек, деген ой менен чоңоет. Кызды жөн эле турган турпаты үчүн, сизде бар болгону үчүн жакшы көрөрүңүздү айтып, сулуулугун, мээримдүүлүгүн айтып, комплимент жасап туруу керек.

  1. Тактилдик контактынын жок болушу

Бала үчүн тактилдик контакт, башкача айтканда кучакташуу, кол кармашуу, жытоо абдан маанилүү. Мунун бардыгы жакшы көрүү сезимдерин билдирет. Бала, ата-энеси үчүн баалуу, зарыл, сүйкүмдүү экенин түшүнөт. Чоңойгондо кыздын эсинде белектер, сүйлөшүүлөр калбайт, апасы башынан сылаганы, мойнунан искеп өпкөнү, кучактаганы калат. Тактилдик контакт адамдарды кабыл алып, аларга ишенүүгө үйрөтөт.

  1. Атасы (же жалпы эле эркектер) жөнүндө терс ойлорду айтуу

Кыздын жашоосунда ал тааныган алгачкы мырза – бул атасы. Энеси менен атасынын ортосундагы мамиле, анын келечекте эркектерге болгон мамилесин жана жалпы эле жеке жашоосун калыптандырат. Толук кандуу үй-бүлөдө, сый-урматта, сүйүү жана мээримге күбө болуп чоңойгону жакшы. Бирок энеси кызды жалгыз өстүрүп жатса, атасын же жалпы эле эркектерди жамандоонун кереги жок. Аялдар байкабай балдарынын көзүнчө: “Эркектерге ишенген болбойт, аны күтүп отурбай өзүң эле жасап койгон оң” же “Эркектердин бардыгы бирдей, алдап кетет!”. Кичинекей балдар уккан сөздөрдүн бардыгын губка сымал сиңирип алышат.  

  1. Физикалык жазалоо

Эгер кызыңызды анда-санда урсаңыз, же болбосо тил албаган сайын сабасаңыз, мен сизге 90% кепилдик берем, ал кызыл камчы эрге тиет. Физикалык жазалоо автоматтык түрдө зомбулуктун курмандыгын тарбиялайт. Муну токтотуу керек! Бир дагы себеп, урган ата-энени актабайт!

Психолог Эльвира Чокоева менен Instagram аркылуу байланышсаңыз болот. @elvira_psiholog 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт