Келинчегим кумарга батырганды эле билет. Аялы тамак жасай албаган күйөөнүн баяны

2019.07.09, 12:02
1953

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Реадкциябызга келип түшкөн бул жигиттин катында, аялынын тамак жасабаганы айтылат. 

Курулдаган курсак менен уктайм

Аялым менен жанашып басканда, баары ага суктанат. Фигурасы, кийимдери, макияжы, чач жасалгасы, айтоор журналдагы моделдерден кем эмес. Кээде туруп, мендей жигиттин эмнесин сүйдү деп ойлоп коем. Досторум да, “кантип башын айлантып алдың”, - дешет.

Төшөктө эч кандай көйгөй жок. Мен билбеген ыкмалардын баарын билет. Ар дайым махабаттын туу чокусуна жетебиз, кээде ашып да кетебиз.

Бирок, кумарга ток болгонум менен, курсагым ач.

Келинчегим тамак жасаганды билбейт. Жумуштан чарчап келсем, казанда эч нерсе жок.  Кукси, суши, гамбургер, шаурма, самсы, айтоор, көчөнүн тамагын жей берип тажап кеттим.

Өзү ар дайым диета. Бир аз жер-жемиш жеп коюп жүрө берет. А мен, курулдаган курсак боюнча уктайм.

Үйдүн тамагын сагындым. Канча ирет кыйытып “тамак жасабайсыңбы” деп көрдүм. Болбоду. “Жүр кафеге барып келебиз”,-деп коет. Дүкөн, салон кыдыргандан колу бошобойт.

Аялымды кантип тамак жасаганга көндүрсөм болот? Же кумарымды кандырганга ыраазы болушум керекпи? Кеңешиңерге муктажмын.

Адистер эмне дейт

Психолог Асель Баимбетова ар бир адам ар кандай болоорун айтат:

- Урматтуу мырза, аялыңыздын жакшы сапаттарын кабыл алып, аларга басым жасаңыз. Ал эми калган кемчиликтерине көз жумуп коюңуз.

Эгер каржы абалыңыз мүмкүнчүлүк берсе, тамакка буйрутма кылсаңыз болот, кулинария курсуна барышы үчүн келинчегиңиз менен сүйлөшүңүз, өзүңүз тамак жасаганды үйрөнүңүз, ашпозчу жалдаңыз.

Дагы бир түшүнүксүз жагдай - сиздин үй-бүлөңүздө ким эмнеге жооптуу экенин көрсөткөн ролдор бөлүштүрүлгөнбү, балким, сиздин көз карашыңыз салттуу үй-бүлөлүк мамилелерди колдойт, а аялыныз башка пикирде. Жубайыңыз менен ачык сүйлөшүп, оюн угуп көрүңүз. Эгер макул болбосо, анын өзгөчөлүктөрүнө ылайык, чыгуу жолун издеңиз. 

Гендер боюнча эксперт Лариса Илибезова чогуу тамак жасоонун сунуштайт:

- Аялыңызга бирге тамак жасоону сунуштаңыз, интернетте рецептер толтура. Кимди болсо да тамак жасоого үйрөтсө болот. Көпчүлүк жыныстык чөйрөрдө гармонияга жетпей убара. Сиздин көйгөйүңүз башка экен. Ал нерсени төшөк маселесине караганда чечүү оңой. Болбосо, өзүңүз деле тамак жасаңыз. Менимче бул ажырашуу үчүн негиз эмес.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт