// //

Жатын ичине салынуучу спираль тууралуу эмнелерди билүү керек?

2019.07.08, 13:31
19034

Бүгүнкү күндө күтүүсүз кош бойлуулуктан коргоочу ар кандай каражаттар бар. Аларды колдонуу менен үй-бүлөнү пландаштырып, жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулардын алдын аласыз.

Окурмандардын жатын ичине салынуучу спираль тууралуу суроолоруна гинекологдор жооп берет. 

1. Спираль салдыртканда аз-аздан кан келип турганы туурабы?

Раушан Джумагулова, акушер-гинеколог

Спираль салтыркандан кийин 10 күндүн ичинде аз-аздан кан келип турганы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок ага чейин жакшылап дарыланып алуу керек. Эгер сезгенүү жок болсо, жана спираль туура орнотулса эч кандай ыңгайсыздык жаратпайт.

2. Биринчи төрөттөн кийин спираль салдырса болобу?

Светлана Коздрович, гинеколог-эндокринолог

Бүгүнкү күндө спиралды төрөй элек кыз-келиндер деле салдырып алса болот. Бала төрөлөрү менен эле доктурга айтсаңыз төрөт залында спираль салып берет же төрөгөндөн кийин 6 жума өткөн сон гинекологго кайрылып, каалаган күнү салдырып алыңыз.

3. Спираль салдырган күндө да бойго бүтүп калышы мүмкүнбү?

Раушан Джумагулова, акушер-гинеколог

Жатындын ичине салынуучу спираль бойго бүтүп калуудан 100% сактайт деп кепилдик берүүгө болбойт. Башкача айтканда, туура эмес орнотулса же ордунан жылып калса бойго бүтүп калышы мүмкүн. Этек кир кечигип жатса (спираль болгон күндө да) тест алып текшерип көрүңүз. Андан тышкары УЗИге түшүп, кандын ХГЧ анализин тапшыргыла.

Эгер боюңарга бүтүп калганы тастыкталса, төрөйм деп чечсеңиз, спираль алынбайт. Себеби кан кетүү (кровотечение), анын натыйжасында бойдон түшүп калуу коркунучу жогору.

Спиралы менен бойго бүтүп калганда, кош бойлуулук кадимкидей эле өтө берет, болгону бойдон түшүү коркунучу 2-3 эсе жогорулайт.

4. Спираль салдыргандан кийин кайра текшерилсем жок экен. Ошондой да болобу?

Раушан Джумагулова, акушер-гинеколог

Сиз УЗИге түштүңүзбү? Спираль салдыргандан кийин 10 күндөн кийин кайра барып көрүндүңүз беле?

Спираль терең кетип калышы мүмкүн бул салып жатканда эле белгилүү болот. Аны жатындын перфорациясы деп аташат.

Биринчиден кичи жамбаш чарасын (малый таз) УЗИге түшүрүү керек. Андан кийин сарысанаа болуш керекпи же зарылчылыгы жокпу белгилүү болот.

Спираль салдыргандан кийин 10 күндүн ичинде кан аралаш суюктук бөлүнүшү мүмкүн (спираль калыпка турганча).

Ал аралыкта доктур жыныстык катнашка барууга, оор көтөрүүгө тыюу салат. 10 күндөн кийин кайра келип текшерилүү керек, балким спиралдын мурутчаларын кыркуу зарыл болуп калат.

Эгер салдыргандан кийин аябай көп кан келип, уюп түшсө, спираль түшүп калышы мүмкүн. Аял аны байкабай калат. Кандай болгон күндө да алгач УЗИге түшүү керек.

5. Менин төрөгөнүмө 28 күн болду, 3 күн толготуп араң көз жарганым үчүн жатында айрылуу болду. Спираль салдырганда коркунуч жаратпайбы? Төрөгөндөн кийин канча күндөн соң спираль салдыртса болот?

Гүлзина Мадримова, гинеколог

Төрөгөндөн кийин дароо салдыртып койсо деле мүкүн. Бир жарым айдан кийин же алты айга чейин деле салдыртып алсаң болот. Спираль салдыртуунун коркунучу деле жок. Болгону сапаты жакшы спираль салдырт. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Д
Динара Курбаналиев
23.05.2020, 00:16

Саламатсызбы? Мен Москвадамын торогонумо 5 ай болду, Спираль салдырып аттым эле. Врачым мультилоад деген спиралды озун сатып алып кел деген болчу, Сураныч кенири маалымат берип коюнуздарчы....

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт