// //

Күйөөм апасынын сөзүнөн чыкпайт, эмне кылышым керек? Психолог жооп берет

2019.07.05, 15:26
1138

Саламатсызбы. Менин да күйөөм силер “Айрым энелер уулдарын “психологиялык күйөөгө” айландырышат” деп жазган  макаладагы уулдарга окшош. Ар дайым апасынын жанында болуп, ал айткандарды аткарат. Кайын энем күөөмдү карыш жылдырбай, бардыгын көзөмөлдөйт. Менин суроом ал өмүр бою ошо бойдон калабы? Жен кандайдыр бир жолдор менен таасир этсем болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.07.2019, 15:27

Асель Баимбетова

Психолог, psihologiya_kg

Тилекке каршы эч кандай таасир тийгизе албайсыз. Себеби кайын эненин да күйөөңүздүн да мүнөздөрү калыптанып калган.

Психологияда күйөөлөр үч типке бөлүнөт: күйөө-мырза, күйөө-ата, күйөө-уул.

Жогорку категориядагы мырзалар күйөө-уул. Энесинин көзү өтүп кеткенден кийин так ошондой мамилени сизге кыла баштайт. Башкача айтканда аялынын сөзүнөн чыкпай, анын айткандарын аткарат. Энесинин ордун сиз басасыз. 

Негизи кыздарга бере турган кеңешим, турмушка чыгаарда болочок күйөөсүнүн энеси менен мамилеси кандай экенин жакшы түшүнүп алыңыз. Эгер бийлик энесинин колунда болсо, анда сиз өмүр бою ага баш ийип, ийкемдүү болуп, жашашыңар керек, же болбосо өмүр бою энесине атаандаш болуп өтөсүз. Мындай энелер бир дагы аял анын уулуна татыктуу жар боло албайт деген ойдо болушат.  

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
28.08.2019, 00:20

Кызым ото эле коркок азыр жети жашта ойун ачык айта албайт эмне кылсам болот?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт