// //

Бул сүрөттү тартсаңыз, кандай адам экениңиз билинет

2019.07.01, 17:34
16235

Бул абдан кызыктуу психологиялык тест. Жыйынтыктары так болсун десеңиз, алдын ала жоопторду карабаңыз.

Тигинен жайгаштырылган актай баракка ойдон чыгарылган жаныбар тартыңыз: мышык эмес, балык эмес, пил эмес, кыскасы болушу мүмкүн эмес бир жандык. Тапшырманы аткарууга бир нече мүнөт берилет. 

Жыйынтыгы

- Жаныбар барактын кайсы бөлүгүндө жайгашкан:

  • Борборунда болсо - өзүңүзгө болгон баа адекваттуу.
  • Сүрөт барактын жогорку бөлүгүн ээлесе - өзүңүзгө болгон баа өтө эле жогору. 
  • Төмөн бөлүгүндө болсо - албетте, төмөн.

- Жаныбардын башы солго бурулса, жаныңызды кыйнаган ойлор жөнүндө көп ойлоносуз.

- Жаныбардын башы оңго бурулса, жакшы ойлорду ойлойсуз.

- Жаныбардын жүзү толук көрүнүп турса, "дүйнөнүн борбору мен ганамын" деген аша чапкан эгоистсиз.

- Жаныбарга кулак тарткан болсоңуз, маалымат алууга кызыкдар адамсыз.

- Оозу ачылып, тили чыгып турса, ойлонбой көп сүйлөйсүз. Оозу ачык, штриховкаланган болсо, жашооңузда акыркы орунда коркуу турат. Арсайган тиштери менен болсо, агрессивдүү адамсыз.

- Көзү канчалык чоң жана жакшы тартылса, коркуу менен тынчсыздануу сизге басым кылып турат. 

- Кирпиктери узун жана калың болсо, башкалардын алкышына муктажсыз, сырткы келбетиңизге көбүрөөк маани бересиз.

- Мүйүз, тырмактар, апсыйган жүндөр, ийнелер - агрессиянын белгиси. 

- Калкан, чопкут, раковина - алсыз, коргоого муктаж экениңизди көрсөтүп турат. 

- Тарткан жаныбарыңыздын тамандары чоң жана күчтүү болсо, баарын таразалап чечим кабыл алган адамсыз.

- Буттары алсыз же жок болсо, жеңил ойлуусуз.

- Буттары кылдаттык менен тулку боюна байланышып турса, айткандарыңызды көзөмөлдөп, кабыл алган чечимиңизге жоопкерчилик аласыз. Ал эми, эптеп-септеп байланышып турса, ойлонбой чечим кабыл алып, кийин өкүнүп каласыз.

- Ошондой эле, денесинде канат, мурут, чылбыр, тумшук сыяктуу атрибуттар бар болсо, алар көп жана өтө эле кооздолсо, сиз үчүн коомдогу статусуңуз көбүрөөк мааниге ээ. Башкача айтканда, сизге сахна гана эмес, көрүүчү да керек.

- Жаныбарды ар бир деталдарына чейин көңүл буруп тарсаңыз, активдүү энергиянын ээсисиз. Жөнөкөй тартылган сүрөт болсо, күчүңүздү ашыкча короткуңуз келбейт, энергия жетишсиз. 

Кызыктуу бекен? Досторуңуз менен бөлүшкөндү унутпаңыз. 

Бул буюмдарды көрдүңүз беле? Тесттен өтүп, бир эске салыңыз

Дарбыз тандаган колумдан келет десеңиз, бул тесттен өтүп көрүңүз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт