// //

Баланын өнүгүү этаптары 6-12 ай. Ата-энелерге билүү пайдалуу

2019.07.01, 17:10
2772

Балага тарбия берүү кызыктуу, ошол эле учурда абдан жоопкерчиликтүү иш. Кичинекей наристеңиздин өнүгүү процессин оюнга айлантыңыз.  

  • Баланы атынан атап чакырыңыз. Чакырып жаткан кишини издеп таап, мени ал дегенсип, колун сунат.
  • Баланын көзүнчө катуу сүйлөп, ырдап, же каткырбаңыз. Кутүүсүз катуу чыккан дабыштар аны чоочутат.
  • Көбүрөөк жылмайыңыз. Сиздин жылмаюңузду көрүп, бары жайында экенин түшүнөт, ишеними артат.
  • Таза жана коопсуз оюнчутарды, буюмдарды бериңиз. Мисалы жыгач кашык, же желим табак. Колу менен жетүүгө аракет кылып, кааласа оозуна салып, тиштеп көрсүн. Балдар оюнчуктарды улам жерге түшүрүп ойногонду жакшы көрүшөт. Кайра алып берип, колуна карматкандан тажабаңыз.
  • Сүрөттөрү жөнөкөй, түшүнүктүү китептерди окуп бериңиз. Баланын кызыгуу сезимин колдоңуз. Жаңы буюмдарды кармап көрүп, изилдешине тоскоол болбоңуз.  
  • Балага коробка берип, ичине чакан буюмдарды салып коюңуз. Ичинен чыгарууга аракет кылып, андан кийин кайра салсын. Бул баланын эс тутумун, ой жүгүртүүсүн өркүндөтөт.
  • Пирамида, кубик, жөнөкөй конструктор алып бериңиз. Аларды катарга тизип, куруп, бузуп, кайра башынан жасап ойносун.
  • Балага аны менен болуп жаткан окуяларды сүрөттөп, айтып берип туруңуз. “Сен ойноп жатасың”, “кубиктерди тиздиң”, “сен сийип койдуң, эми шымыңды которуш керек” ж.б. Бул учурда эмне болуп жатканын билүүсүнө жардам берет, сөз байлыгын кеңейтет.
  • Балаңыз менен бирге ойноп, жардамынызды сунуштаңыз. “Кел экөөбүз бирге жасайбыз”, “мен сага жардам берем” – деп айтыңыз. Балаңыз сиздин сунушуңузду сүйүнүү менен кабыл алат.
  • Балаңыз менен көбүрөөк сүйлөшүп, жасаган иштериңизге комментарий берип туруңуз. “Азыр экөөбүз тамак ичебиз, андан кийин сыртка чыгып сейилдеп келебиз. Ал жактан башка балдар менен ойнойсуң. Сен эшиктен ойногонду жакшы көрөсүңбү?”, - деп айтып бериңиз. Бала жакынкы келечекте аны эмнелер күтүп турганын, аны менен болгон окуялардын иретин билет, башкача бир күндүк планы түзүлөт.
  • Суроо берип шашпай жообун күтүңүз. Балаңыз унчукпаса, өзүңүз жооп бериңиз. Жөнөкөй суроолорду сураңыз.
  • Аны курчап турган буюмдарды, өсүмдүктөрдү, жаныбарларды атап бериңиз.  
  • Жөнөкөй сүйлөшүүнү оюнга айлантыңыз. “Сенин көздөрүң кана?” (көзүңүз менен ачып-жумуп көрсөтүңүз), “Сенин мурдуң кана?” (бышылдап мурудуңуз менен дем алыңыз). Машине кантип айдайт? Чымчык кантип учат? Ж.б. Баланын улам кызыгы артып, кийин өзү көргөн нерселерди сизге айтып берет.

Маалымат unicef.org сайтынан алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт