// //

"Отур үйгө. Кыз балага билимдин кереги жок!"

2018.09.19, 09:34
5366

- Ата мен дагы окугум келет.

- Түшүнбөдүм?

- Тең туш курбуларымдай болуп билим алсам дейм...

- Мен сага эмне дедим эле!

- Ата...

- Кайдагыны баштабачы. Кыз балага билимдин кереги жок! Сөз бүттү!

Кээ бир эркектер аялдардын билим алышына карамандай каршы. Аялдар үй жумуштары менен гана алектениши керек деп, кыздарын мектепке жибербеген ата-энелер бар. Биз бул туурасында эксперттердин оюн угуп көрдүк.

“Аял кишиге билим керекпи?” деген суроого көбүн эсе эркектер терс жооп беришет. “Аялдар төрөлгөндөн бир аз акылдуу болушу керек” деп эсептегендерге бир суроо бергибиз келет: ден-соолугуңузга кам көргөн аял дарыгерлер, балдарыңызга алфавит үйрөткөн мугалим аялдар кайдан чыгат!? Сыягы, алар дароо эле бир кесиптин ээси болуп туулганго!

Көбүнчө эркектер төмөнкү далилдер менен каршы чыгышат:

  • Эч кандай мектепке барбайт.
  • Тамга тааныса болду, кыз балага ошо жетиштүү.
  • Макул, мектепти аяктасын, бирок андан кийин окубайт.
  • Жогорку билимди эмне кыласың, баары бир дипломдун кереги жок.
  • Кыз болочок эне, андыктан тамак жасаганды, үй жыйнаганды үйрөнсөң болду.
  • Эртең эле турмушка чыгасың, баары бир окууң калат, тапшырбай эле кой ж.б.

Болочок эне билимсиз болбошу керек

“Аялга билим алуу зарылбы?” деген суроого жооп берүүдөн мурун, аял деген ким экенин билип алсак. Аял – эне, эже, карындаш, кыз, жубай, келин, чоң эне, таене. Аялдын үй-бүлөдөгү жана коомдогу ролу ар тараптуу, казан-аяк менен эле чектелип калбайт.

Султанали Гапуров, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын даават бөлүмүнүн адиси:

Кыз баланы тарбиялоо- исламдын эң негизги маселеси. Кыз бала болочок коомдун тарбиялоочусу. Эркек үй-бүлөсүн тамак-аш, кийим-кече, турак-жай менен камсыз кылуу үчүн эртең менен кетип, кечинде келет. Баланын тарбиясы энеге жүктөлөт. Ошол тарбия берүүчү эне жакшы болуусу үчүн кыздарбыз билимдүү, илимдүү, адептүү болушу керек. Кыздарды мектепке жибербей, билим алуу укугун чектеп койсок, алардын билими тайкы болуп калса, кийин тарбия берүү жатына кантип жардам бере алат. Ошондуктан кыз балага билим алуу мүмкүнчүлүгүн берип, ар тараптуу кылып тарбиялашыбыз керек.

Билими жок аялды ким багат?

“Аялга билим алуунун, иштөөнүн эмне кереги бар? Аялды эркек киши камсыздайт. Анын орду үйдө!” - деп сурашыңыздар мүмкүн. Жашоодо ар кандай жагдайлар болот. Кокустан аял балдары менен жалгыз калып калса, аны ким жардам берет? Иштейин десе убагында билим албаган. Ошондуктан кыз киши кийин өзүн дагы, баласын дагы багып кете алгандай билимдүү болушу керек.

Улан Усупов, теолог:

Кыз баланын билим алуу укугун чектөө туура эмес. Эркектер сыяктуу кыздар да билим алууга милдеттүү. Мусулман катары жашоосунда зарыл болгон илимди үйрөнүү эркек жана аялзаты үчүн парз экенин Мухаммед (с.а.в.) Пайгамбарыбыз белгилеп айткан. Айрыкча, аялзаты катары өзүнүн турмуш-тиричилиги үчүн керектүү нерселерди, кыз-келиндерге ылайыктуу өнөрлөрдү, келечекте зарылчылыкка жараша иштеп кетүүгө мүмкүндүк берген кесиптерди үйрөнүүгө шарият жол берет, “жакшы, пайдалуу нерсе” деп аларга үндөйт дагы.

Кызыңызды мектепке жибериңиз

Кыз киши светтик дагы,  диний дагы  билимге ээ болуусу зарыл. “Эркекти окутсаң – бир адамды окутасың, аялды окутсаң – улутту окутасың” деген жакшы кеп бар.

Кадыр Маликов, теолог:

Ар бир адам баласы ал эркек болсун, же аял болсун илим алууда эч кандай айырмачылыгы жок.  Эгерде кыз билим алгысы келип, өзүн өркүндөтүүнү кааласа эркек бул нерсеге мүмкүнчүлүк бериши керек. Куранда “Билим алуу үчүн изденүү ар бир мусулмандын милдети” деп айтылган. Ал эми Пайгамбарыбыз (с.а.в) “Билим кайда гана болбосун аны издегиле” деген. Демек, кыз киши дагы билим алууга укуктуу.

Марс Ибраев, теолог:

Балдарын мектепке жибербеген мекендештерибиз жок эмес. Бул маселени эки жактуу караш керек. Мүмкүн ата-эне кызын жалаң кыздар гана окуган мектепке жибергиси келет. Мындай учурда мамлекет алтернативдүү шарттарды түзүп бериши зарыл. Экинчиден, ата-энелерге айтаарым кыздар гана окуган мектепке жиберүүгө шарт болбой жатса, кызыңызды чоңойгонго чейин кадимки мектепке окутуп турсаңыз, өзү үчүн пайдалуу болот. Оба, радикалдуу ата-энелер дагы бар. Аларга түшүндүрүү иштерин жакшылап жүргүзүү керек.

Кызын окутпаган ата-энелер жоопко тартылат

Адвокат Асель Рысбаева үй-бүлө кодекси ар бир ата-энени - баланын толук өсүшү, билим алышы, ден-соолугунун чыңдалышы жана аны үй-бүлөдө жана коомдо өз алдынча турмушка даярдоо үчүн зарыл шарттарды түзүүнү милдеттендирээрин айтты.

Асель Рысбаева, адвокат:

Учурда кыз балдарга билим берүүдөн баш тарткан, үй-бүлө курууга даяр эмес жашы жете элек кыздарды эрте турмушка узатып жаткан ата-энелердин аракеттери көпчүлүктүн көңүлүн буруп жатат. Албетте, мындай чечимге ата-эне кыздарын мажбурлабаса да, баланын өз каалоосу деп айтуу кыйын. Анткени, бул тандоонун кесепетин толук баамдоо жеткинчек куракта мүмкүн эмес.

Кыз болобу, эркек бала болобу, дегеле балдарды тарбиялоо жана алардын билим алышына камкордук көрүү милдеттери ата-эненин мойнуна жүктөлөгөн. Бул милдеттер мыйзамдарда так көрсөтүлгөн. 

Баланын толук өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө тийиштүү бардык маселелер балдардын пикирин эске алуу менен, балдардын кызыкчылыгынан улам өз ара макулдашуу боюнча ата-энелер тарабынан чечилет.

Айрым учурда ата-эненин бирөөсү диний көз караштарын таңуулап, кыздарын окутпай же эрте турмушка берүүнү көздөгөн учурлар кездешүүдө. Мындай учурда ата-энелер ортосундагы пикир келишпестиктерди чечүү үчүн балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмгө же сотко кайрылууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө мыйзамында да ата-эненин милдеттери каралган. Аталган мыйзамга ылайык, балдардын орто билим алууга жана алардын жөндөмдөрүн өрчүтүүгө тийиштүү шарттарды түзүү ата-эненин бирден-бир милдети. Ал эми балдардын негизги орто билим алуу боюнча өз милдеттерин аткарбаган ата-энелер мыйзамдарга ылайык административдик жоопкерчиликке тартылат.

Ал эми, бизде сейрек кездешсе да, мыйзамда өз милдеттерин аткарбаган ата-энелерге карата кескин чаралар каралган, ал – ата-энелик укуктарынан ажыратуу.

Эркектер сыяктуу кыздар да билим алууга милдеттүү!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт