// //

Бюджетте окуйм. Университеттен кетсем, акы төлөймбү?

2019.06.29, 12:27
1031

Саламатсызбы! Мен медицина адистигинин студентимин. Быйыл 2-курс болом, бюджетте окуйм. Чынын айтсам, аябай кыйналып кеттим, окууга көңүлүм жок. Өзүм актриса болгум келчү. Быйыл окуумду таштап койсомбу дегем. Угушум боюнча, университеттен кете турган болсом, окуган мөөнөтүмдүн акысын төлөп берет экенмин. Бул канчалык деңгээлде чын?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.06.2019, 12:30

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы

КРнын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майында чыгарган токтомуна ылайык, билим берүү мекемелеринде фармацевтика, медицина жана педагогика адистиктери боюнча бюджеттик негизде билим алып жаткан студенттер, билим берүү мекемеси жана адисти даярдоого буйрутма берген жумуш берүүчү ортосунда үч тараптуу келишим түзүлөт.

Ал келишимде эгерде студент тез арада келишимди жокко чыгарып, башка окуу жайга которулууну кааласа анда аны даярдоого кеткен чыгымдарды төлөп берет деп көрсөтүлгөн.

Демек, педагогикалык жана медициналык адистикте билим алып жаткан студенттер башка окуу жайга же контрактык адистикке которулууну чечсе окуган мөөнөтүнүн акчасын төлөп берет.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
01.07.2019, 17:38

Менин кесибим физика мугалими жана 9 жыл иштедим ,башталгыч класстын мугалими болсом дейм. Кайрадан окууда 3 курска отурат экенмин. Мен магистратура окуй албаймынбы ?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт