Тез арада ажырашуу үчүн эмне кылуу керек?
2019.06.26, 10:16
2333
Жолдошум экөөбүздүн жашабай калганыбызга 3 ай болду. Мен ажырашууга макулмун. Күйөөм болсо Россияда. Тез арада ажырашуу үчүн эмне кылыш керек? Ортобузда бала жок. Ажырашуу арызын ЗАГС алган жерге барып жазышым керекпи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.06.2019, 10:22
Нурислам Раимжанов
Юрист
Кыргыз Республикасынын Үй бүлө кодексинин 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде,
- ортодо жашы жетпеген бала болбосо;
- мүлк жана башка маселелер боюнча бири-бириңерге дооңор жок болсо;
- ортоңордо ажырашуу тууралуу макулдашуу болсо; никени бузуу жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында жүргүзүлөт.
Эгерде ажырашууга жолдошуңуз макул болсо, ЗАГСка барып арыз жазсаңыз болот. Бирок, никени бузуу жана никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү, жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан, никени бузуу жөнүндө жубайлардын чогуу берген арызынан бир ай өткөндөн кийин жүргүзүлүп, документ берилет.
0
Пайдалуу жооп