// //

Сүйгөн кызымдын боюнда бар экен – эмне кылайын?

2018.09.17, 15:47
1682

"Жакында ата болосуң" - бул сөз ар бир эркекти ойго салат. Кызыңыз боюнда бар экенин айтса эмне кылуу керек? Бүгүн биз ушул тууралуу сүйлөшөбүз.

Балалуу болууга даяр эмес болсоңуз - коргонуңуз!

Жыныстык катнаш менен жашап баштагандан кийин, экөөңүздөр тең кандайдыр бир жоопкерчиликти алып жатканыңыздарды түшүнүңүздөр. Бойго бүтүрбөөчү каражаттар тууралуу (презерватив) маалымат алып, аларды колдонгула.

Балалуу болууга даяр эмес болсоңуз - коргонуңуз. Сүйлөшкөн кызыңыз кош бойлуу болуп калган болсо, балага ата керек экенин түшүнүп, кабыл алуу маанилүү. Ал эми бул жоопкерчиликтен качып кутула албайсың дегенди билдирет.

Демек, ата болооруң тууралуу укканда дурбөлөңгө түшпө. Коркунучтуу экени, алыска качып кеткиң келгени түшүнүктүү. Бирок, андай болбойт. Балага карата атанын укуктары жана милдеттери энесиникиндей эле болуп саналат.

Бала экөөңдүкү!

Кызың жөнүндө ойлон. Жыныстык катнаштан чогуу ырахат алгансыңар. Ошол эле убакта коргонуу каражаттарын четке коюп койгонсуңар. Балким, унутуп калдыңар. Канткен күндө да, баарын бирге жасадыңар. Ошондуктан, бала экөөңдүкү. 

Албетте, баарын кызга шылтап койсо болот. Кээ бир жигиттер “ал кош бойлуу болот, коргонуу каражаттары тууралуу өзү кам көрүшү керек” деп ойлошот. Бул коркок, алсыз, өз баласына чыкканчылык кылууга даяр адамдын көз карашы.

Сенин тандоо дайыма сеники болот. Эгер артка качып, болочок үй-бүлөңдү таштоону кааласаң, эртеби-кечби бул иш-аракетиң үчүн өкүнөсүң, ошол учурда баары кеч болуп калат.

Күчтүү эркектер өз балдарын эч качан таштабайт!

Күчтүү эркектер өз балдарын эч качан таштабайт. Бала жана ата - убакыттын өтүшү менен бекемделе берчү мамиле. Бул дүйнөнү башка көз караш менен кароого жардам берген өзгөчө кубаныч. Ошондой эле жоопкерчилик. Өзүңдүн кызың же уулуң үчүн - күчтүү, акылдуу, дүйнөдөгү эң мыкты атасың. Сени ушунчалык бирөө жакшы көрөөрүн билүү кандай гана сонун.

Бул абалдан бир гана жол менен чыкса болот:

  1. Тынчтаныңыз;
  2. Кызыңызды колдоңуз;
  3. Бирге ата-энеңиздерге айтыңыздар;
  4. Балаңарды күткүлө.

Жакында ата болосуң. Эртеби-кечпи ар бир эркектин башына келчү иш. Болгону сени менен бул эртерээк болуп калды. Бул татаал жана олуттуу экенине карабастан, өтө кызыктуу нерсе.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт