Футбол комментатору болгум келет. Эмне кылышым керек? Комментатордун кеңеши
Мен 11-класстын окуучусумун. Келечекте футбол комментатору болгум келет. Футбол көргөндө, көрүп, өзүмчө сүйлөп, комментарий берем. Кантип комментатор болсом болот, ал үчун эмне кылышым керек?
Зыярат Эсенбай
КТРКнын комментатору
Саламатчылык, урматтуу окурман. Окууга тапшыргандан кийин деле спортко кызыгып, калтырбай көрүп ар тараптан өнүгө бериңиз. 3-4 курс болуп калганда бизге келип, практика өтсөңүз болот. Кийин жакшы өздөштүрүп кетсеңиз, иштөөгө мүмкүнчүлүк берилет.
Кыргызстанда спорт акырындык менен өнүгүп келатат, демек спорт журналистикасына да суроо- талап пайда болуп, алдыга жылууда.
Комментатор болгуңуз келсе, спорт жаңылыктарынан кабардар болуп, кыргыз, орус жана англис тилин мыкты билүүгө аракет кылыңыз. Сөз байлыгыңызды кеңейтүү үчүн адабий китептерди көп окуңуз. Туура ой жүгүрткөндү, туура сүйлөгөндү, анализ жасоону үйрөнүңүз.
Чет өлкөгө чыкканда, жана айрым маалыматтарды издегенде англис тилин билүү зарыл. Көп сүйлөмдордү которууга туура келет.
Окууңузга ийгилик каалайм, болочок кесиптеш!