Баланын киндиги мойнуна оролуп калыптыр, эмне кылышым керек?
2019.06.24, 15:11
5920
Саламатсызбы. Боюмда бар, 32 жума болуп калды. УЗИге түшсөм баланын киндиги мойнуна эки оролуп калыптыр. Бул коркунучтуу эмеспи? Эмне себептен мындай болуп калды? Эмне кылышым керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.06.2019, 15:13
Машхура Ишмухамедова
Гинеколог
Саламатчылык. Албетте киндиктин оролуп калганы жакшы эмес. Анын себеби бала абдан активдүү, көп кыймылдайт же киндик өтө узун болгонуна байланыштуу болушу мүмкүн. Ошондой эле кычкылтек жетишсиз болгондо да бала ашыкча кыймылдайт.
Каныңызды тапшырып, гемоглобиниңиздин деңгээлин текшерип көрүңүз. Көбүрөөк мөмө-жемиштерди жеп, таза абага чыгып сейилдеп туруңуз.
Оролгон киндиктен бала өзү чыгып кетиши керек. Тилекке каршы биз эч нерсе кыла албайбыз.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!
0
Пайдалуу жооп