// //

Нуртай Абилгалиев: “Мыкты жетекчи – кызматкерлерин башкарбайт!”

2018.09.14, 14:32
3808

Кантип жетекчи болот? Бул суроо кимдир бирөөнүн кол астында иштегендерге кызык болсо керек. Себеби “Генерал болгусу келбеген солдат, солдат эмес” деген кеп бар.  

Beeline уюлдук компаниясынын стратегиялык өнүктүрүү кызматынын жетекчиси Нуртай Абилгалиев кесиптештери сыйлаган, урматтаган жетекчи болуунун сырларын айтып берди.

Жогорку кызматты ээлеген же ээлегиси келген адам кандай сапаттарга ээ болуп жана кандай каталарды кетирбеши керектигин билгиңиз келсе, кызыктуу маекти окуңуз.

Жетекчи – бул насаатчы. Жетекчинин максаты кимдир бирөөнү башкаруу эмес - уюмун өнүктүрүү. Ал муну кызматкерлерин өркүндөтүү менен ишке ашырат. Аларга жаңы билим, өзүнө болгон ишеним берип, күчтүү команда топтойт. Командасы күчтүү компания көп бийиктиктерди багынтат.

Азыр башкаруу системасы өзгөргөн

Дүйнө менен бирге компанияны жетектөө тенденциялары өзгөрүүдө. Мурун директивдүү башкаруу системасы - башкаруу чынжырчадай өйдөдөн ылдый кетчү. Азыр баары тескерисинче, ийгиликти багынтып, гүлдөп жаткан компаниялардын башкаруу системасы ылдайдан өйдөнү карай багыт алган. Тактап айтканда, ар бир кызматкер уюмунун өнүгүүсү үчүн кызыкдар.

Заманбап жетекчи кызматкерлерине кам көрөт

Заман талабынан артта калбаган жетекчилер компаниясынын башкаруу системасын кызматкерлери өзүн көрсөтө алгандай кылып курат. Ар бир кызматкерде генералдык директор менен байланышуу, идеясы менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгү бар.

Мыкты жетекчи чекти билет

Жетекчи эч качан кызмат ордун кыянаттык менен пайдаланбашы керек. Өзгөлөрдөн кандай мамиле күтсөңүз, алгач өзүңүз аларга ошондой мамиле жасаңыз. Жетекчи башкаларга сый мамиле жасайт, бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирбейт. Оба, адам болгондон кийин эмоцияларды көргөзөбүз. Бул деген жумушуна кызыкдар дегенди билдирет, көңүл кош болуудан алда канча жакшы. Бирок чектен ашып кетпөө зарыл. Ар бир адамдын жеке жашоосун сыйлагыла.

Баарын кичинеден баштаңыз

Эч нерсеге жетишпейсизби? Эмнени гана пландабаңыз, ишке ашпай жатабы? Анда пландардын өлчөмүн азайтыңыз. Бир жумалык болсо, бир же жарым күндүк кылыңыз. Кичинеден баштаңыз. Нугуна түшкөндө, акырындап жогорулатыңыз. Ошентип сизде пландоо жөндөмү жакшырат, баарын өз убагында жасоо адаты калыптанат.

Көңүл кош кызматкерлерди кармабаңыз

Компанияны өнүктүрүүгө кызыкдар эмес кызматкерлерди  кармабагыла. “Көп жылдан бери иштейт, кет деп кантип айтам” деп жүрө берсеңиз ага да, уюмуңузга дагы зыяны тиет. Мүмкүн  ал адамда башка жерде өсүү мүмкүнчүлүгү бар. Алгач эмне себептен өзүнө тиешелүү жумуштарды аткарбай жатканын сураңыз. Балким анын таланты башка багытта, ал эми сиз ага ылайык келбеген жумуштарды берип жатасыз. Себебин билиңиз, эч эле болбой жатса кызматтан бошотуңуз.

Кызмат ордуңуздан көтөрүлсөңүз, алгач эле командаңыз менен сүйлөшүп алыңыз. “Буга чейин бир коллектив элек, эми мен командабыздын жыйынтыктарына жооп берем. Жылдыз болуп кеттим дебейм, болгону ролубуз өзгөрдү” десеңиз болот.  

Жетекчи болом деп максат койбогула

Жетекчи болом деп алдыга максат коюп албагыла. Жетекчи эмес кесипкөй болууну көздөңүз. Өз ишиңизди мыкты деңгээлде аткара берсеңиз, кызмат ордуңуздан көтөрүлөсүз. Жасаган жумушуңуз сизди шыктандырып, дем күч берип турушу керек.

Баарыбызда бирдей мүмкүнчүлүк бар

Кээ бирөөнү карасаң, аларга ийгилик жылмайгандай көрүнөт. Бирок баарыбыздын дараметибиз бир. Болгону алар эмне менен алектенүү керектигин билишет. Сиз дагы издениңиз, өзүңүзгө жаккан нерсени табыңыз. Канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы.  Качан гана өзүңуз жактырган нерсени тапканда, ийгиликти багынтасыз.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт