// //

Жездем балдарды алып кетем деп жатат. Кантип алып калсак болот?

2019.06.17, 15:33
1069

Мага жардамыңыз керек. Эжем менен жездемдин ортосунда үч бала бар. Никеси катталган. Азыр экөө ажырашып, жашабай калышкан. Эжем Казакстанга иштеп кеткен. Балдар биз менен. Экөөсүнүн фамилиясы бизге жазылган. Жездем балдарды алып кетем деп жатат. Кантип алып калсак болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.06.2019, 17:03

Ширин Алмазова       

Адвокат

Бул жерде силердин фамилияңарга жазылганы эч нерсени чечпейт. Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө жездеңиз атасы катары жазылбаса анда балдарды алып кетүүгө укугу жок.

Эгер балдардын апасы узак убакытка чет өлкөгө кеткен болсо, балдарга расмий түрдө камкорчу болсоңор болот. Ал үчүн өзүңүздүн жана баланын жашаган жериңер боюнча сотко кайрылуу керек.

Бала 14 жашка чыкканга чейин аны багуу, тарбиялоо, билим берүү ошондой эле анын укугун жана кызыкчылыгын коргоо максатында камкорчулук бекитилет.

Асырап алуудан айырмасы, бала өзүнүн фамилиясын атын, атасынын атын сактап калат, ошондой эле биологиялык ата-энеси өз милдеттеринен баш тартпайт жана баланы багууга катыша алат.

0
Пайдалуу жооп
17.06.2019, 16:47

Алып кала албайсынар анткени ал атасы

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт