// //

Интернеттен провакаторлорго дуушар болгондо эмне кылуу керек? Адис айтып берет

2019.06.17, 13:23
1265

Борбор Азиядагы Тынчтыкты куруу жана медиатехнологиялар боюнча мектептин директору Инга Сикорская социалдык тармактардан провакаторлорго дуушар болгондо, өзүн кантип алып жүрүү керектигин айтып берет. 

 

Провокаторлор курмандыгы - билимсиз колдонуучулар!

  • Сын жазуудан мурун, интернет бул - коомдук мейкиндик жана билдирүүлөр анонимдүү болгону менен ачык экенин унутпаңыз.
  • Айтып жана жазып жаткандарыңыз үчүн жоопкерчилик алууга даяр болуңуз.
  • Провакатор күч колдоно турганын айтып коркутса, укук коргоо органдарына кабарлаңыз.
  • Чагымчылды ачыкка чыгарып, анын ким экенин көрсөтүңүз!
  • Троллингге күбө болгондордон колдоо издеңиз. Чагымчыл комментарийлерди кабыл албай, бөгөт коюп, көрмөксөн болуп, өчүрүп салыңыз.
  • Пост мыйзамсыз болсо, колдоо көрсөтүү кызматына барактын скриншотун жөнөтүп, таркатылып жаткан ресурстун администраторлоруна нааразычылыгыңарды билдириңиз.
  • Пост жазаардан мурун, тыным жасап, кесепеттери тууралуу ойлонуңуз. Эмне үчүн муну кылып жатасыз, чыныгы максаты кандай, так-даана билишиңиз керек.
  • Аброюңузга шек келтирген комментарий алсаңыз жооп бербей эле коюңуз. Тукуруучулар атайылап сизди кепке тартууга аракет кылышы мүмкүн.
  • Пост же комментарий экстремисттик, элдин кайсы бир тобун басмырлайт деп ойлосоңуз, анда ал чынында эле ошондой, туюмдарыңызга ишениңиз. Кыргызстанда тыюу салынган тизмеге кирген материалдарды интернетке киргизип, жарыялаганга болбойт.

Кимдер жоопко тартылат:

-терроризм жана экстремизмге үндөгөндөр

-террорчул жана экстремисттик аракеттерди жасагандар

-улуттук (этникалык), расалык, диний же аймактар ​​аралык жек көрүүчүлүктү козуткандар.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт