Директор мугалимдерге чүчү-кулак карматып, жумуштан кетире алабы?
Атам 23 жылдан бери мектепте кыргыз тили жана адабият сабагынан мугалим болуп иштейт. Эки жогорку билимдин ээси, окуучулары райондук, облустук олимпиадалардын жеңүүчүлөрү. Атаман тышкары дагы эки мугалим кыргыз тил сабагынан беришет. Бири кесиби боюнча журналист, экинчисинин кыргыз тилине тиешеси жок. Эми директрор үчөөңөр чүчү-кулак кармайсыңар, бирөөңөрду жумуштан кетирем деп жатыптыр. Директордун ушинткени мыйзамдуубу?
Марина Гречаная
КР Билим берүү министрлигинин пресс-катчысы
Саламатсызбы. Сиз айтып берген жагдай албетте мыйзамга туура келбейт. Жумушка орношуу жана жумуштан кетирүү процесси эмгек кодекси боюнча гана ишке ашырылат. Атаңыз мыйзам бузуу тууралуу Билим берүү министрлигине кайрылып арыз жазууга укуктуу. Бул маселе боюнча атайын комиссия түзүлүп, текшерүү өтөт.