// //

Гарднереллез оорусунан кантип дарыланса болот? Ооруй берип тажадым

2019.06.14, 12:21
2332

Гарднереллезди канча дарыласак да кетпей жатат. Күйөөм экөөбүз тең көрүнгөнбүз. Бир аз жакшы болот да, анан кайра эле башталат. Тынбай прокладка менен жүрүп тажадым. Эмне кылыш керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.06.2019, 12:22

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Гарднереллез жыныстык катнаш аркылуу жугуучу оорулардын катарына кирбейт. Негизинен аялдын вагиналдык иммунитетинин төмөндүгүнөн улам келип чыгат, себеби бул бактерия аялдын дартмандуу-флорасына тиешелүү иммунитет түшкөндө өрчүйт.

Иммунитеттин түшүп кетүүсүнө төмөнкү факторлор себеп болот:

  • стресстер;
  • суукка урунуу;
  • чарчоо;
  • улам-улам суук тийүү;
  • антибиотик жана башка дары каражаттарын ашыкча ичүү.

Ошондой эле, вагиноз башка инфекциялык ооруларды жана вирустарды коштойт. Мисалы адамдын папиллома вирусу, сифилис, ВИЧ ж.б илдеттерди.

Кооптуу инфекцияларды жокко чыгаргандан кийин вагиноздун өзүн дарылоо кыйынчылык деле жаратпайт. Жөнөкөй свечалар, дары жана иммуномоделдөөчү каражаттардын жардамы менен дарыланат.

Ден соолукта болунуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт