// //

Төрт балам бар, бирок кыздыгым алына элек. Бир аялдын таң калычтуу окуясы

2019.06.13, 14:18
31200

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

"Төрөп жатканда дарыгерлер кыз экенимди айтып таң калтырышкан",-деп эскерет Нурайым (аты өзгөртүлдү).

Нурайым шаарда турат. Сүйлөшүп жүргөн жигитине күйөөгө тийген. Биринчи нике түндө кан чыккан эмес. 

"4 балам бар. Күйөөм экөөбүздүн чогуу жашаганыбызга 12 жылдан ашты. Жолдошум менен кыйынчылыктарды чогуу жеңдик, далай кызыктуу күндөр өттү.

Өкүнүчтүүсү, турмушубуз оңолгондо, күйөөм үй-бүлөбүзгө келген ырыс-дөөлөттү көтөрө албай, көөп кетти. Эмнесин жашырайын, акчасына ишенип, үстүмө башка бир аял алып келди.

Анан эмне болмок эле: ызы-чуу, кайын-журт, төркүн чогулду.

Ошондо кайын энем өткөндү эстеп, ата-энемдин, бир тууган байкемдин алдында, “эмне, силердин кызыңар ак бекен, билип койсоңор, биздин үйгө кыз эмес болуп келген”,-деди.

Кайын энемдин сөзүнө териккен жокмун. Себеби, күйөөмдөн башка эч ким менен болгон эмесмин, кудай алдында ак экенимди билем.

Жүрөгүмдү оорутканы – күйөөмдүн мамилеси: билип турса да унчукпады, коргободу.

Андан көңүлүм калды. Расмий түрдө ажыраша элекпиз. Тигинисине барып-келип турат. Үйдө эки бөлөк адамбыз. Балдар ата-энесиз өспөсүн деп эле чыдап жүрөм. Сабырым түгөнүп баратат...

Ии, баса, жыныс мүчөм сезгенип, жакында операция болдум. Ошондо, хирург, “дале кыз экенсиң”,-деди. Аябай таң калдым. Бул бир жомок сымал, ишенген жокмун."

Адистер эмне дейт

Гинеколог Светлана Коздровичтин айтымында бул өтө сейрек кездешчү, бирок болушу мүмкүн болгон учурлардын бири.

"Ар бир айымдын кыздык белгиси - чоюлчаактыгына, кындын киришин жапкан даражасына жана тыгыздыгына жараша бири-биринен айырмаланып турат. Бүгүнкү күндө, кыздардын көбүнүкү биринчи жыныстык катнашта катуу чоюлуп, айрылбай, кан чыкпай, чыкса да, айрым жерлери гана жаракат алып, кичине эле кан агышы мүмкүн. Бирок, эреже катары, жыныстык катнаш учурунда болбосо,  анда ал төрөт маалында айрылат. Сиздики өтө сейрек кездешчү, бирок болушу мүмкүн болгон учур. Бул, тутумдаштыргыч ткандын дисплазиясы менен байланышкан болушу мүмкүн, кээде тукум кууйт, бирок дайыма эмес, балким, жеке өзгөчөлүк."

Тамара Воронцова, психолог

Эгер тубаса кыз эмес болсоңуз, турмушка чыгар алдында дарыгерге барып, текшерилип, тыянак жаздырып алуу керек эле. Тилекке каршы, биздин өлкөдө, дарыгерге да ишенбей, сатып алдың деп айтышы мүмкүн. Менталитетибиз ушундай, ар бир кызда кыздык белги болушун талап кылат, тубаса себептер кабыл алынбайт. Бирок бул факт бир да аялды бактылуу кыла алган жок: күйөөлөр баягыдай эле сайраңдап жүрөт, ичет, сабайт, а бул тарабын эч ким эске албайт. 

Кыздык - бактылуу жашоонун кепилдиги эмес!

Кийинки маселеге токтолсок, күйөөңүз экинчи аял алып келди, бул аракети сизге  жаккан жок, бирок чыдап жүрөсүз, анткени 4 бала бар. Дароо "мен же ал" деп талап койбогондон кийин, келечекте бир нерсе өзгөрөт деп айтуу кыйын. 

Бара турган жериңиз же акчаңыз жоктугу анык, балким бул жылдар аралыгында иштебей, үйдө олтургансыз. Өзүңүзгө ишенбегениңиз, күйөөңүзгө болгон көз карандыгыңыз - турмушуңузду өзгөртүүгө жол бербей жатат, балким, өзүңүз анчейин деле каалаган жоксуз, ачууланып, кайгырып эле жүрөсүз. Эмне кылуу керек?

Өзүңүзгө убакыт бөлүңүз - жумушка орношуңуз, театр, концертке барыңыз, курбуларыңыз менен жолугушуңуз, сүйүктүү хоббиңиз менен алектениңиз. Анан көрөсүз, сөзсүз бир нерсе өзгөрөт.

Жашооңузду толугу менен бирөөгө арноонун кереги жок -  адатта, курмандыктар бактысыз болот, аларды эч ким сыйлабайт, баалабайт. Балдар чоңоюп, өз жолун таап кетет, андан кийин жашоо кандай болот? Албетте, небере бакса болот дечи - бирок бүт нерсе кайра кайталанат. Сизди эмне бактылуу кыла алат? Ошону тапканга аракет кылыңыз!

Ар бир аял күн сайын бактылуу болууга тийиш жана өзү каалагандай жашоого укугу бар! 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
13.06.2019, 22:03

Ар бир адамдын беш энесине жазылганды корот, эгерде жолдошунуз болок аял алган болсо, сиздин конул буруунуз аз болгон, ал эмне десениз, шариатта айтылгандай уйдо жургондо сулкулукту карабай, кочого чыканда кана жакшы кийинип,бойонуп каласынар, бул эн биринчи катта, экинчи эч качан уй эркегин жамандабаш керек, бир кана мактоо, балдар менен биргеликте. Эч качан женил ойго алдырбагыла, бул жашоодо эн биринчи жолдошунар, эмнеге десенер омурунордун сен же ал, акыркы кунуно чейин бирге болот.Эми эмнеге десенер, илгери айтылган соз, ата эненден болуносун, балдарынды Оз ордуларына койуп, турмуш жолуна узатасын, ошондо Ким жанында калат???, албете суйгон адамын. Баардык эркек жакшы жаманы жок деп айта албаймын, бирок жаман адамды жакшы кылыш бул аял киши. Созумдун акырында ата энеси ажырашып, чонойгон балдар кыйынчылка коп душар болот, атам же энем болгондо башкача жашоодо мынча кыйналбайт элем деп канча жетим балдар журот. Сабырылуу бол, сабырдылуук эч качан жамандыка алып келбейт. 

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
14.06.2019, 08:22

Андай эшек эркектер толтура меники да колуна акча кармап   кыйнсынып көп аткан мезгили кудайга койдум. 

0
Пайдалуу жооп
15.06.2019, 20:38

Баардык жасаган ишибизге озубуз жооптуубуз.Эркекти угуп,сыйлап койсон,озун дагы сый коросун.Тескерисин жасасан муштумун коросун.Шакылдай берсен жана башка жооруктарын коро бересин.Ошон учун акылын уурдап иш кылуудан башка айлабыз жок.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
17.06.2019, 03:35

Сабыр кылыңыз! Баарын Аллага коюңуз! Кудай каалаган жакшы жолго салсын!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт