// //

Сатып алган жерибизди бербей жатат. Юрист жооп берет

2019.06.13, 09:14
823

Саламатсызбы! Биз бир адамдан участок сатып алганбыз. Тил кат жазып берген.  Жылдар өтсө да, бизге өткөзүп бербей жатат. Күбөлөр бар. Эмне кылсак болот? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.06.2019, 09:18

Нурислам Раимжанов

Юрист

Урматтуу окурман, эгер участок саткан адам акчаңызды алып, бирок жерди өткөзүп бербей жатса, милицияга арыз менен кайрылыңыз.

Жагдай чынында эле сиз айткандай болсо, анда бул жерде алдамчылык, башкача айтканда, алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен олуттуу өлчөмдөгү бөтөн мүлктү ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуунун белгилери байкалууда.

Маселеңизди милиция чечип бербесе, соттук тартипте берген акчаңызды кайтарып алсаңыз же сатып алуу келишими болгондугу фактысын тастыктасаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт