// //

Классташтарым менен тил табыша албайм. Психолог кеңеш берет

2019.06.11, 11:43
1196

Мен классташтарым менен тил табыша албайм. Сүйлөшсөм да мектеп ичиндеги окяларды гана сүйлөшөбүз. Майрам, кече, отуруштарга баргым келбейт. Мен интровертмин. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.06.2019, 11:45

Виктория Исакова

“Илим” билим берүү комплекси, Психологиялык колдоо борборунун жетекчиси, психолог

Эгер интроверт болсоңуз демек сиз эмоцияңызды көп билдирбейсиз, адамдар менен баарлашууда аз сүйлөп, көп угасыз.

Классташтарыңыз менен тил табышкыңыз келип жатса мектептеги коомдук иш чараларга көбүрөөк катышууга аракет кылыңыз. Аудиториянын алдына чыгып сүйлөгөндү үйрөнүңүз.

Ошондой эле театралдык студияга, лидерликке үйрөтүүчү тернингдерге да жазылсаңыз болот. Натыйжасында классташтарыңыз менен талкуулай турган темаларыңыз көбөйөт жана көпчүлүктүн арасында өзүңүздү эркин, комфорттуу сезиүүгө жардам берет.

Классташтарыңызга экскурсияга барып келүүнү сунуштап, уюштуруу иштерин колуңузга алыңыз. Мектептен сырткары чөйрөгө түшкөндө бири-бириңерди башка жагынан таанып, жакын дос болуп каласыңар.

Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт