// //

Таежемдер апама берилген жерди талашып жатышат. Юрист жооп берет

2019.06.10, 12:05
981

Саламатсызбы! 2005-2006 жылдары таятам апама өзүнүн участогун жана ал жердеги эски үйүн белек (дарственная) катары каттап берген. Азыр таежем жана таекелерим, "мураскер катары өз үлүшүбүздү алышыбыз керек",- деп талашып жатышат. Өзү участок кичинекей, жалпы 8 бир тууган. Сотко жетчү болсо, ал жер бөлүнүшү мүмкүнбү?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.06.2019, 12:32

Нурислам Раимжанов

Юрист

Урматтуу окурман! Таятаңыз өзүнүн жерин апаңызга белек кылган болсо, анда таеже жана таекелериңиздин бул жерге мураскор катары укуктары жок.

Себеби, адам көзү тирүү кезинде өзүнүн мүлкүн белек кылып бирөөгө берсе, ал инсан (таятаңыз) каза тапкандан кийин бул мүлктү мураскорлор бөлүштүрүүгө жана мурас катары кабыл алууга укуктары жок. Эмнеге дегенде, белекке берилгенден кийин бул мүлк өлгөн адамдын мүлкү болуп эсептелинбейт.

Кабатыр болбоңуз, жагдай так сиз айткандай болсо, соттук териштирүү силер тарапка чечилет. Дагы бир белгилеп кетчү жагдай, участокту таятаңыз 2005-2006 жалдары белек кылса, сотко доо арыз менен кайрылуунун мөөнөтү өтүп кеткен экен. Ошондуктан, таежелериңиздин арызын сот кабыл алуудан баш тартат деген ойдомун.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт