Апамдар бардар үй-бүлөгө келин болушумду каалашат
Саламатсызбы. Мен 20 жаштамын. Психологдун кеңешине муктажмын. Бир жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигитим бар. Аны жакшы көрөм, сүйөм. Эркекке жарашыктуу бардык сапаттары бар. Жашырганда эмне, өзүмдү да арнагам, себеби ага ишенем.
Бирок бизде көйгөй бар, биринчиден ал менин кошунам, экинчиден орто турган үй-бүлөдөн.
Ата-энем биздин баш кошуубузга каршы болчудай. Алар мени бардар үй-бүлөнүн келини болушумду каалашат. Кийин кор болбой жашайсың, деп.
Эмне кылышымды билбей турам. Жигитим менен бир болушум керекпи же үйдөгүлөрдүн тилин алып, жигитимди ташташым керекпи?
Асель Баимбетова, психолог, psihologiya_kg
Абсолюттук түрдө туура чечим болбойт. Бардыгын эске алып, алдын –ала билүү мүмкүн эмес. Сиз чындап жигитиңизди сүйсөңүз, демек, ошол жигитке турмушка чыгуу үчүн жетиштүү негиз бар.
Бирок, ошол эле учурда ташташым керекпи деп жаздыңыз. Ал бала буюм же оюнчук эмес да. Бул сөздөрүңүздөн кийин, ага болгон чыныгы сүйүүңүз күмөн жаратып жатат. Жакшылап ойлонуп, апаңыз менен кеңешиңиз.
Сиз ата-энеңиз менен сүйлөшпөй туруп, алдын ала каршы болушат деген ойдосуз. Башкача айтканда алардын кандай кабыл ала-турганын көрбөй туруп өз алдынча божомолдоп, ошонун негизинде түрдүү ойлорго жетеленип жатасыз. Бул сиздин коркуу сезимиңизди күчөтүп, фантазияңызды өрчүтүп келет.
Алгач ата-энеңиз менен ачык сүйлөшүңүз. Эмне кылыш керек деп суроо берип жатасыз, бирок бул маселени сиз жалгыз чечпейсиз. Жигитиңиз өзү, анын ата-энеси кандай ойдо?