// //

Бутума варикоз чыгып кыйнап жатат. Оштон кимге кайрылсам болот?

2019.06.04, 11:00
1649

Оң бутумда тизеден ылдый варикоздор көрүнүп, томпойуп чыгып кетти. Көп басканда, суукта ооруйт. Эмне кылсам болот? Кимге кайрылышым керек? Өзүм Жалал-Абадтан болом.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.06.2019, 11:01

Адылбек Жаанбаев

Флебоцентр Түштүк медицина борборунун жетекчиси, ангиохирург

Варикоз бул кан тамырлардын паталогиялык кеңейиши жана клапандардын иштебей калышы. Убагында кайрылсаңыз дарыласа болот. Өтүшүп кеткен учурда тромбоз (кан тамырлардагы кандын жүгүрүшүн оорлотуучу тыгындар) жана башка коркунучтуу ооруга чалдыгышыңыз мүмкүн.

Варикоз суукта оорутпайт. УЗИге түшүп, муундарга суук өткөнбү, териге жакын жана терең жайгашкан кан тамырлардын абалын, кандын айланышын көрүп, ошого жараша диагноз коюлуп андан кийин дарылаш керек. Ар бир диагноздун дарылоо тактикасы айырмаланат. Ошондуктан көрбөй туруп айтуу өтө оор. Үй шартында дарылоо мүмкүн эмес.

Варикоз жөнүндө кошумча маалымат: varikoz.kg, же 707277166.

Ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт