// //

Чыныгы мусулман "христиандардын коңгуроосу кагылбасын" дебейт

2018.09.07, 16:37
2541

Толеранттуулук деген эмне? Адамдарды башкалардын оюн урматтоого кантип үйрөтсө болот? Бардык нерсеге толеранттуу мамиле кылуу керекпи?

Бүгүн биз Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов менен маек курдук. Ал толерантуулук тууралуу кененирээк айтып берди.

 “Толеранттуулук – сеники туура дегендик эмес”

Толеранттуулук жер жүзүнө ааламдашуу процесси келген маалда көбүрөөк колдонула баштаган жаңы социалдык термин. Толерантуулук - бул адам өзүнүн түшүнүгүнөн, көз-карашынан өзгөчө болгон түшүнүктөрдү, көз-караштарды кабылдоосу. Ошол эле учурда “сеники туура, меники коё турсун” дегенди түшүндүрбөйт.

Эч ким бирөөнү мажбурлай албайт

Исламда дин тутууда мажбурлоо жок. Эгерде сиздин тандооңуз дин тутпай жашоого барган болсо, анда кишилер, мамлекет, мыйзам чогулуп келип “дин менен жаша” деп мажбурлай албайт. Ислам тарыхында бир дагы адам ишенимине карата куугунтукка алынган эмес.

"Христиандардын чиркөөлөрү жабылсын" деп эч ким айтпайт

12-13 кылымдарда Исламдын карамагына кирген аймактарда, мисалы, Константинополдагы бир дагы чиркөө талкаланбаган, дубалдарына жаман сөздөр жазылбаган, дин өкүлдөрү куугунтукка алынбай, өзүнүн диний чөйрөсүн сактап, сыйынып келишкен. Мусулман чөйрөсү катары таанылган араб өлкөлөрүн карасак, ал жакта “христиандардын чиркөөлөрү жабылсын, коңгуроосу кагылбасын” деп эч ким чыкпайт. Демек, толеранттуулук акыркы убакта колдонулуп келе жаткан термин экенине карабастан, ал жөнүндө динибиз мурда эле айтып койгон.

Ар бирибизде тандоо эркиндиги бар

Адамдар түрдүү көз караш, түшүнүктөр менен чоңоёт. Ар бирибиздин колубузда тандоо эркиндиги бар. Ал тандоого бөгөт коё албайбыз. Биз өзгөнүн пикирин эске алуу менен мамиле курушубуз керек. Динибиз башка көз караштарга урмат-сыйды көрсөтүүнү билген.

Өз позицияңызды сактаңыз

Толеранттуулук десе эле мейирманчылык кылып, “сиздики туура экен, меники туура эмес” деп астына түшпөө керек. Менин позициям өзүмдө, сиздики өзүңүздө калат. Эч качан сиздин көз карашыңыз туура болгон учурда, туура эмести өйдө көтөрбөңүз. Адамдар кийинүүгө, тамактанууга, билим алууга тең укуктуу. Алардын укук чегин бузууга эч кимдин акысы жок. 

Менин чегим, сиздин чегиңиздин чек арасынан токтойт

Толеранттуулк менен сабырдуулук эки башка нерсе. Сабырдуулук сиз башка көз караш менен беттешкен учурда керек. Адамдар менен оюбуз бир чыкпай калганда, эң жакшы сапат сабырдуулук. Мындайча айтканда, өзгөнүн көз карашын кабылдап “ушундай киши турбайбы” деп коюу. Анан толеранттуу болушум керек деп төбөгө чыгаруу -  укук чегинен ашып кетүү болот. Ар бирибиздин чегибиз бар. Менин чегим, сиздин чегиңиздин чек арасынан токтошу керек.

Адам толеранттуу болуп төрөлбөйт

Башында айтып өткөндөй толеранттуулук социалдык термин. Адам толеранттуу болуп төрөлбөйт, аны жашап үйрөнөт.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт