// //

Организмди тазалоонун эң мыкты жолдору

2018.09.06, 10:22
11267

Кутмандуу күнүңүздөр менен. Бүгүн биз организмди тазалоо жөнүндө сүйлөшөбүз. Жаш жана сулуу бойдон калгыңыз келсе, буларды эске алыңыз.

 

Тамак-аш рационуңузда таза газдалбаган суу болсун! Бөйрөк жана теринин бөлүп чыгаруу милдети жакшы иштеп, токсиндер сыртка чыгып, химиялык кубулуштун жүрүшү үчүн ар бир клеткабызга суу керек.

 

Баса, токсиндер – адам үчүн уу.

Организмди тазалоонун эң мыкты жолу – терс адаттарды чектөө: чылым, спирт ичимдиктери. Эрктүү болуңуз! 10-15 жылдан кийин өзүңүздү жана денеңизди элестетиңиз! Кандай болуусун каалайсыз?

Териңиздин түсү, маанайыңыз жана акыбалыңыз организмдин иштөөсүнөн жана зыяндуу заттардан (токсиндер, эркин радикалдар) көз каранды.

Ичегинин микрофлорасынын ишин калыбына келтирүү абдан маанилүү! Эртең менен күзгүдөн тилиңизди караңыз. Эгерде тилиңизди өңөр (налёт) баскан болсо ичеги-карыныңызда көйгөйлөр бар. Ичегиде дээрлик 2 кг бактерия болот. Алар витаминдерди жана микроэлементтерди өндүрөт, ичегинин моторикасын жакшыртат, газдын топтолуусун бөгөттөйт.

Энтероцит (ичеги клеткалары) – организмди тамак-ашта камтылган оору жуктургуч бактериялардан жана заттардан коргойт.

Физикалык кыймыл-аракеттин жетишсиздиги организмге терс таасирин тийгизет, дененин табигый тазалануу жолун басаңдатат. Өзүңүзгө токсиндерден арылам деп максат койсоңуз, спорт менен машыгыңыз.

 

 

Токсиндерден арылууга тамак-аштар дагы жардам берет -  кошулмалар (имбирь, райкан, куркумин), фитонцид камтыган азыктар (сарымсак, пияз).

 

Биздин организм химиялык кубулуштардын жүрүшүнөн келип чыккан радикалдар менен активдүү күрөшөт. Буга витаминдер (A, C, E, D); микроэлементтер (селен, цинк, хром) жардам берет. Витаминдер жашылча-жемиштерде, БАДдарда (биоактивдүү кошулмалар) болот. Ошондой эле ичегибиздеги пайдалуу бактериялар тарабынан өндүрүлөт.

Детокс диетаны – колдонсоңуз болот. Диетанын негизи – күнүнө 1,5 кг жашылча-жемиш жегиле, алардын 40% термиттик жол менен иштетилген, 60% чийки түрүндө болсун. Бадыраң, помидор, картошка, пияз, сабиз, капуста, кабак, ашкабак, чамгыр жана жашыл чөптөр – диета сунушталган өсүмдүктөрдүн жарым-жартылай тизмеси. Ошондой эле кээде кара буудай нанын, майлуулугу 1% дан кем эмес сүт азыктарын, көк чай колдоно аласыз. Калган азыктарга тыюу салынат. Мындай диета узактыгы 5-7 күн.

Дени сак жана жаш бол!

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт