Аялым менен ажырашкам, ал менин мүлкүмдү талаша алабы?
Аялым менен 2015-жылы ажырашкам. Күбөлүгү бар. Менин 3 бөлмөлүү батирим бар, документтердин баары мага катталган, менден башка талапкерлер жок. Ошол батирди аялым менен бөлүшпөй өзүмө калтыра аламбы? Мурунку аялымдын меникинен 15 эсе кымбат мүлкү бар. Мен аныкын талашпай элемин. Мага квартирам эле жетет.
Ширин Алмазова
“Линия защиты” укук коргоочу коомдук фонддун адиси, юрист
Саламатсызбы. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 30-беренесинин 7-пунктуна ылайык, ажырашкан жубайлар ажырашкан күнүнөн тартып 3 жылдык мөөнөттүн ичинде мүлктү бөлүштүрүү боюнча доо арызы менен сотко кайрылууга тийиш. Бул сиздин батириңиз сизге гана тиешелүү дегенди билдирет. Эгер аялыңыз мүлккө талапкер боло турган болсо ажырашкан күндөн тартып 3 жылдын ичинде мүлктү бөлүштүрүү арызы менен сотко кайрылышы керек болчу. Бирок, 3 жылдык мөөнөт өтүп кетти, демек азыр сиздин батирди талаша албайт. Анын үстүнө документтердин бардыгы сизге катталган экен. Ошондуктан эч кыйынчылык жаралбайт.
Ийгилик!