Этек кир учурундагы жыныстык катнаштын оң жана терс жактары
Этек кир келип жаткан убактагы секске ар бир жуп ар кандай карайт: айрымдарга кадыресе көрүнүш, кээ бирөөлөр үчүн чектөө. Bilesinbi.kg айыз учурундагы жыныстык катнаштын оң жана терс жактарын тактап чыкты.
Терс жактары
➖ Айыз келип жаткан убакта жатын мүмкүн болушунча чоң ачылат, инфекциялар оңой эле кирип кетет. Себеби бактериялар азыктандыруучу чөйрөдө (бул учурда кан) бат көбөйүп, бат өсөт.
➖ Бул убакта жыныстык катнашка барып жатканда презерватив колдонбосо, инфекциялардан улам өнөктөштүн экөө тең сезгенүү ооруларына чалдыгышы мүмкүн.
➖ Этек кир учурунда кошулса бойго бүтпөйт дегендер жаңылышат, кош бойлуу болуп калуу тобокелдиги бар.
➖ Позадагы чектөөлөр, тактап айтканда, кан агууну көбөйтүп албаш үчүн аял дайыма алдында болуш керек.
➖ Гигиеналык жактан ыңгайсыздык жаратат: керебетти жана бири-биринин менструалдык кан менен булгап алуу, этек кир учурунда пайда болчу жагымсыз жыт.
Оң жактары
➕ Көпчүлүк айымдар айыз убагында көбүрөөк оргазм алышат. Себеби, жыныс кыны абдан сезимтал болуп калат.
➕ Этек кир учурундагы жыныстык катнаш менструалдык ооруну азайтат (бел, ичтин оорусу).