// //

Кесип ээси: архитектор-дизайнер

2019.05.16, 16:13
8474

Архитектор-дизайнер Конокбаева Жибек өзүнүн кесиби тууралуу Bilesinbi.kg’ге айтып, бул кесиптеги кубанычтары жана кыйынчылыктары менен бөлүштү.

Кантип архитектор-дизайнер болуп калдым?

Журналистика факультетине өтпөй калып, КГУСТАга документтеримди тапшыргам. Бирок мындай болуп калганына такыр өкүнбөйм, тескерисинче аябай кубанам. Архитектор-дизайнердин окуусун окуган сайын кызыгым артып, бул кесиптен өзүмдү таптым.

Архитектор-дизайнердин жумушу кандай?

Архитектор-дизайнер жаңы (же эски) эч нерсеси жок бөлмөгө (үйгө, кафеге, ресторанга, офиске) келет. Кардар менен сүйлөшүп, анын каалосун, пикирин, сунуштарын, мүнөзүн, кесибин, үй-бүлөсүнүн курамын, үй-бүлө мүчөлөрүнүн табитин, кызыкчылыктарын эске алат. Бөлмөдө канча терезе бар, табигый жарыктын тийиши, жасалма жарык менен айкалышын изилдеп чыгып концепция түзөт.

Бөлмөнү өлчөп, андан кийин план чийет. Жылытуу системалары (батареялар) кандай, кайсы жерге орнотулат, розеткалар кайсы жерге жасалат, люстралардын илинишин, эмеректердин жайгашуусун ж.б. майда-чүйдөсүнө чейин чийме-планына түшүрөт.

Андан кийин чийме-план “визуализаторго” жөнөтүлөт. Ал бардыгын 3D форматта жасайт. Макет даяр болгондон кийин кайра кардар менен жолугуп, акыркы өзгөртүүлөр киргизилип, план бекитилет.

Жумушчулар объектке келгенде чийме-планга ылайык тапшырмалар берилет. Керектелүүчү материалдардын бардыгын базарга, дүкөндөргө дизайнер өзү барып тандап же буйуртма менен алдырат. Ири заказ болгондо чет өлкөдөгү завод-фабрикаларга да барууга туура келет. Дизайнер мыктан тартып жерге салына турган килемге чейин жоопту. Процессти толугу менен көзөмөлгө алат.

Жумушумдун жаккан жери

Мага баарынан жакканы объект ойдогудай жасалгандан кийин, кардар кубанып чын дилинен ыразычылык билдиргени. Мындайда дем-күч пайда болуп, дагы иштеп мындан да чоң ийгиликтерди багынткың келет.  

Жумушумдагы кыйынчылыктар

Бул кесип биздин коом үчүн жаңы кесип болгондуктан, адамдар олуттуу мамиле кылышпайт. Ойноп сүрөт тартып, кооз вазаларды, гүлдөрдү тизип, терезеге парда иле турган адам катары кабыл алышат.

Кардар, прораб, жумушчулар менен сүйлөшүү жана түшүндүрүү иштерине көп убакыт жана күч кетет. Конфликттерди жайгарып же алдын алуу моралдык жана психологиялык жактан оор.

Архитектор-дизайнер кандай сапаттарга ээ болушу керек?

Көп адамдар менен кызматташкандыктан, алар менен тил табыша билүү зарыл. Кардардын каалосун, оюн, элестетүүсүн кабыл алуу үчүн психолог болосуң. Оюңду так жана түшүнүктүү жеткирип берүү үчүн сөз байлыгың бай болгону жакшы.

Ошондой эле токтоо, эмоцияга алдырбаган, сөзүнө, жасаган ишине, убакытка так болуш керек.

Дизайнер үчүн сырткы келбети да маанилүү. Таза, тыкан, жарашыктуу кийинип, өзүңдү маданияттуу алып жүргөнүң адамдарды тартат.  

Архитектор-дизайнер болгусу келгендерге кеңеш

Бул кесипти тандаган балдар сүрөттү мыкты тартышы керек. Карандаш, акварель менен иштеп, колду көндүрүү зарыл. Математикалык эсептөөлөр көп болгондуктан бул сабактын пайдасы жакшы тиет. Кыргыз, орус, чет тилдерди билгениң эч качан ашыктык кылбайт, тескерисинче атаандаштарыңдын арасында артыкчылык берет.  

Архитектор-дизайнер канча табат?

Жаңыдан иштеп баштагандар 300$ айлыкка иштешет. Ал эми Бишкектеги эмгек акысы эң жогору бааланган архитектор-дизайнерлер айына 3000-5000$ табышат.

Дагы кайсы кесиптер тууралуу билгиңиз келет?

Bilesinbi.kg сайтына же 0704 004 608 ватсап номерине суроолоруңузду жазыңыз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Д
Даниел
22.06.2019, 14:17

Саламатсызбы Маркетолог же Менеджмент кайсы бирине окусам болот 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт