// //

Бюджетте окугандар университеттен кете турган болсо акча төлөйбү?

2019.05.16, 11:04
1322

Саламатсызбы. Мен Кыргыз улуттук университетинде бюджетте окуйм. Быйыл биринчи курсту бүтөм. Эгер университеттен кете турган болсом акча төлөй турганымды уктум. Бул чынбы же калппы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.05.2019, 11:05

Марина Гречаная

Билим берүү жана илим министрлигинин пресс-катчысы

Саламатсызбы!  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик билим берүүчү гранттар жөнүндө жобосуна ылайык, бюджетте окуган студенттер, окуудан кете турган болсо, окуган мөөнөтүнүн акысын төлөп берет.

Тактап айтканда, грант ээси адисти даярдоо үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндөгү чыгымдарды билим берүү уюмуна төмөнкү учурларда кайтарып берүүгө милдеттүү:

- педагогикалык, фармацевтикалык же медициналык адистиктер боюнча окууну аяктагандан кийин жолдомо аркылуу иштөөдөн баш тартканда;

- себепсиз же өз каалоосу менен ЖОЖдон чыгарылганда;

- келишим боюнча окуунун наркын төлөө менен окууга өткөндө же окшош эмес адистиктерге которулууга байланыштуу ЖОЖдон чыгарылганда.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт