19 жаштамын, менин төшүм чыга элек. Бул оорубу? Маммолог жооп берет
Саламатсызбы. Мен 19 жаштамын, менин эмчегим чыга элек. Эмне кылышым керек? Кеңеш бериңизчи
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Өспүрүм куракта төштүн өсүүсүнө эстроген гормону жооптуу. Бул гормон канда жетишсиз болсо эмчек өспөй калышы мүмкүн. Калкан безинин гормондорунун деңгээли төмөн болгон кыз-келиндердин да төшү кичинекей болот.
Негизи кыз баланын көкүрөгү 11-12 жашынан баштап өсүп 15-16 жашка чейин толугу менен калыптанып калат. Айрымдарыныкы 18-19 жашына чейин өсөт.
Эндокринологго кайрылып калкан безинин, эстроген, прогестерон, тестостерон гормондоруна анализ тапшырып көрүңүз.
Ошондой эле эмчектин көлөмү тукум кууйт. Апаңыздын, чоң апаңыздын, таенеңиздин, эжелериңиздин төшү кандай эле, сураштырып көрүңүз.