Апамдын кылганы өмүр бою көкүрөктө сакталат. Өз энеси жек көргөн баланын баяны
Bilesinbi.kg анонимдүүлүк шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан окуяларын жарыялап келет.
Редакциябызга келип түшкөн бул окурманыбыздын катында, апасынан жылуу сөз укпаганы айтылат.
Макоо экенимди апам эстетип турчу
Саламатсызбы! Жашым 22де. 5 бир тууганмын. Апам мени жаман көрөт.
"Башың иштебейт", "Колуңдан эч нерсе келбейт", "Макоо" - апамдан ушундай сөздөрдү угуп чоңойдум. Үйдөн эң жек көргөнү мен.
Кичинемден мээрим төккөн жок. Мектепте окуп жүргөндө да жарытаарлык кийим алып бербеди. Билем, кичүүлөр улуулардыкын кийип чоңоет. Бирок, ал нерсе да өмүр бою көкүрөктө сакталып калат экен.
Ызаланганым, ата-энемдин балдарына болгон адилетсиз мамилеси (бирин өйдө, бирин ылдый көрөт). Бир нерсе кылайын десең, шагыңды сындырып, колуңдан эч нерсе келбегенин айтышат.
Кээде өзүмдүн тең туштарымдын жашоосуна суктанам. Тилекке каршы ата-энем бизди эл катарына кошулуп, билимдүү-илимдүү болушубузга шарт түзүп бербеди.
Асель Баимбетова, психолог psihologiya_kg
Саламатсызбы! Ата-эненин балдарына туура эмес мамиле кылуусу өтө өкүнүчтүү. Бул нерсе көп үй-бүлөлөрдө кездешет. Мунун кесепетинен, балдарда өз ата-энелерине болгон анжы сезимдер (сүйүү жана таарыныч, ошол эле учурда, сүйүү жана жек көрүү) пайда болот.
22 жашта экенсиз. Мүмкүн сүйүүгө жана камкордукка муктаж болуп чоңойгонуңуз чындык. Балким, бул жөн гана кабылдооңуз, иш жүзүндө сиз ойлгондой баары жаман эмес.
Эмне болгон күндө да, 22деги бой жеткен адамсыз. Үй-бүлөңүздөн бөлүнүп, иштеп, өз алдынча болууга умтулуңуз. Энергияңызды бийиктиктерди багынтууга жумшаңыз. Ата-энелер идеалдуу болуш керек деген күтүүлөр менен коштошуңуз. Алар кандай болсо, ошондой. Балким, ата-энеңиз өздөрү мээрим албай чоңойгон, ошондуктан өз балдарына бирдей мээрим төгүү колдорунан келген жок.
Сиз тандап алган абал, психологияда "курмандык" аракети деп аталат. Чындыкты кабыл алуудан баш тартып, ата-энеңизге болгон таарыныч, даттануу, жек көрүү менен кала берсеңиз, жашоодон өсө албайсыз.
Андыктан опимисттик коз карашта болуп, ийгиликтерди багынтууга бет алыңыз!
Ийгилик!
Өзүңүздүн жеке көйгөйүңүздү Bilesinbi.kg сайтына же 0704 00 46 08 ватсап номерине жазыңыз. Биз психологдон кеңеш алып беребиз.