// //

Үй ээси жана мураскер каза болгон. Эми эмне болот?

2019.05.15, 12:20
1245

Үйдүн ээси каза болгондон кийин кичүү уулуна мурас катары калтырган. тилекке каршы, ал уулу дагы ооруп каза болгон. Ооруп жатканда улуу агасы карап баккан. Калган бир туугандары каралашкан эмес. Үйдү улуу агасына мурас кылып жазып берген, бирок башка туугандары ал документти таап алып, тытып салышкан.
Эми үйдү эжеси талашып жатат, документтер да ошондо. Үч жылдан бери үйдүн ээси жок, бош турат. Беш жыл убакыт өтсө үй мамилекетке өтөбү же агасына өтөбү? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.05.2019, 12:26

Нурислам Раимжанов 

Юрист

Урматтуу окурман, үй каза болгон адамдын атында болгон болсо, анда, ал адамдын балдары жана жубайы мураскер болушат. Ал эми маркумдун балдары, жубайы жок болсо, анда анын эркек жана кыз бир туугандары, ошондой эле анын чоң атасы жана таятасы, чоң энеси жана таянеси барабар үлүштөрдө мыйзам боюнча экинчи кезекте мурастоо укугун алышат. 

Үй мамилекетке өтпөйт. 

 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт