// //

Amazon аркылуу кантип акча тапса болот? Ишкер Тилек Токтоналиевден кеңеш

2019.05.14, 16:30
4396

Amazon - ар кандай кызматтар жана буюмдарды сатуу боюнча америкалык ири онлайн ресурс. Башкы кеңсеси Америкада жайгашканына карабастан, дүйнөнүн каалаган жеринен туруп алып, Amazonдон акча тапса болот. 

Жеке ишкер Тилек Токтоналиев Bilesinbi.kg’ге Amazon’дон кантип товар сатып, каражат тапса болоорун айтып берди. 

Amazonдон 3 түр бизнес кылса болот:

  1. Dropship – ортомчу катарында сатуу. Мисалы, eBay сайтынан товар алып, үстүнө бир-эки доллар кошуп, Amazon сайтына сатуу. Бул ыкма менен баштоо үчүн 100-200$ жетиштүү.
  2. Online Arbitrage – Dropship сыяктуу эле, болгону бир аз жеңилирээк жана тобокелдиктери төмөн. Online Arbitrage менен баштоо үчүн эң аз дегенде 1000$ зарыл.
  3. Рrivate label ыкмасы – өзүңдүн брендиңдин астында товарларды сатуу. Баштапкы салым 1000$ болуш керек.

Кытайдан товар жеткирүүчү (поставщик) табуу оңой, товардын өздүк наркы да арзан, логистика жакшы өнүккөн.

Курстарга баруунун зарылчылыгы жок

Amazon’дон иш баштоо үчүн алгач жакшылап изилдегиле. Кандайдыр бир ката кетирип, эрежелерин бузуп алсаңар, аккаунтуңарды жаап коюшу мүмкүн. Өзүм 3 ай изилдегем. Сөзсүз эле курстарга баруунун кереги жок, өз алдынча үйрөнүп алса болот. 

Amazon жаш куракка чектөө койбойт. Иштеп жаткандардын арасында 16-17 жаштагы балдар бар.

Англис тили биринчи орунда эмес

Телефон аркылуу иштесе болот. Ал үчүн Amazon Seller тиркемесин жүктөп алуу керек. Бирок, мен компьютерди сунуштайм. Себеби телефондон сайттын көп функциялары көрүнбөй калат. Англис тилин сөзсүз билүү керек деген нерсе жок. Google котормочу жардамга келет.

Ишти баштоо үчүн Amazon сайтына кирип катталасыз. Азырынча Amazon Кыргызстанга өлкө катары сатууга уруксат бере элек. Ошондуктан катталып жатканда башка мамлекет, мисалы, Россия же Украина аркылуу аккаунт ачканыңар оң.

Товар сатуудан мурун жакшылап изилдегиле

Атандаштарыңар ким, күнүнө канча товар сатасыңар, баарын эсептеп чыккыла.  Amazon’дун биринчи бетине чыкканга аракет кылуу керек. Себеби сатуулардын 70% биринчи бетте жүрөт, калган 20% экинчи, 10% үчүнчү бет, 4-5-беттерди эч ким карабайт. Мындайча айтканда гуглдай эле.

Өтпөй калган товардын өздүк баасын бир аз түшүрүп сатып жиберсе болот.

Төлөө маселесине кайрылсак. Башка өлкөдөн товарга буйрутма бергенде “защищенный платеж” аркылуу төлөгүлө. Интернетте аладамчылар көп, акчаңарды алып, товарды бербей коюшу мүмкүн.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
С
Самсон
31.05.2019, 15:27

Рахмат маалымат үчүн, ийгиликтер каалайм

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт