// //

Бизге тынчтык тартуулаган жоокерлердин баяны

2019.05.09, 12:49
2019

Bilesinbi.kg’нин бүгүнкү каармандары Улуу Ата-Мекендик согуш жөнүндө тарых китептеринен окушкан эмес. Алар 27 миллион адам каза болгон согуштун чордонунда салгылашкан. Бул адамдар бизге тынчтык тартуулашты. Алардын эрдиги эч качан унутулбайт!

Асек Урманбетов, 95 жашта

Мен үчүн согуш 1943-жылдын май айында башталды. Ал кезде 20 жашта болчумун. Алыскы Чыгыштагы аскер училищесинен тездетилген даярдык көрүп дароо фронтко жөнөп кеттик. Бизге аскер формасы эле берилип, курал жарак жетишсиз болгондуктан берилген жок. Тапанчанын ордуна полотенцелерди ороп чөнтөктөрүбүзгө салып алганбыз, олуттуу көрүнгүбүз келди да. Фронтко жеткенде мени аткычтар взводунун жетекчиси кылып дайындашты да немецтер басып алган аймактарды кайтаргыла, деп тапшырма беришти.  

Жоокерлерди сактап калууга умтулдум

Мен жоокерлердин тирүү калышына болгон күч аракетимди жумшап жаттым. Бардыгын бизди үйрөткөндөй аткардым. Жаш элем, жүрөгүм тоо эле. Сыйлык алуу жөнүндө такыр ойлогон эмесмин. Болгону берилген тапшырманы аткарып, аскеримди сактап калууга умтулдум.

Алгачкы салгылашууларым Воронеж фронтуна туш келди, андан кийин Прибалтика фронтунда болдук. Ар бир чабуулда досторумду жоготуп жаттым.

Көрсө, адам бардыгына көнүп кала берет окшойт. Жанымдагы адамдар өлүп жатышты, бирок мен да ушуларга окшоп мерт кетем деген ой келбей калат экен.

Снайпердин огу бутума тийди

1943-жылдын ноябрь айында фашисттер басып алган Украинадагы Ярыги айылын бошотуу аракетин жасадык. Душмандар бизге кызуу каршылык көрсөткөнүнөн алардын окторунан коргонуп, жерге жашынып жаттык. Чара көрбөсөк узак убакытка чейин созулуп кетчүдөй. Ок жана азык чектелүү. Бир учурда жаткан жеримен тура калып немецтерди көздөй автоматым менен чуркап жөнөдүм, артыман солдаттар чуркашты. Айылды бошоттук. Ошол эле жылдын декабрь айында снайпердин огу эки бутума тийди. Өз айылыма 1944-жылы августта гана жеттим. Төшүмдө Кызыл Жылдыз орденим бар, бирок эки бутум жок келдим.

Садыр Мамбеткожоев, 93 жашта 

Аскерге чакыруу келгенде 18ге толо элек элем. Фронтко жөө аткычтар аскеринин катарында бардым. Ошондуктан согуштун чыныгы жүзүн жакшы билем. Ар бир салгылашуу акыркы болуп калышы мүмкүн. Өлүмгө тике карап, алдыга гана кадам таштай аласың. Артка чегингенге жол жок.

Эч кимибиз аман калабыз деп ойлогон эмеспиз. Канча жолу чабуул учурунда жаныңдагы шеригиңе бир нерсе айтып, сүйлөгөн болосуң, бир кезде карасаң өлүп жатат.  

Госпиталга түшүп калууну кыялданабыз

Ал кезде көпчүлүк жеңил жарат алып, госпиталга түшүп калууну кыялданышар эле. Бир аз убакытка болсо да бул тозоктон кутулгуң келет. Менин жолум бар экен, немец снарядынын сыныгы мага тийип, контузия алгандан кийин алты ай госпиталда жаттым. Андан кийин кайра фронтко жөнөдүм. Берлинге чейин жетип, ал жактан Улуу Жеңишти тосуп алдык. Бирок мен үчүн ушуну менен согуш бүтүп калган жок. Мени жана көптөгөн башка жоокерлерди эшелон менен Алыскы Чыгышка, Япония менен салгылашууга жиберишти. Душманыбыз капитуляцияланганга чейин бир нече күн мурун келдик. Бирок, бул да жоокерлерибизди өлүмдөн сактап калган жок.

Жетекчилер орой ката кетиришкен

Япония багынып бергени менен жетекчиликтин туура эмес иш аракеттеринин айынан курмандыктар өтө көп болду. Ал кезде бул тууралуу айтылчу эмес. Бирок бул чындык. Биздикилер чабуулга өткөндө душмандар каршылык көрсөтпөгөндүктөн, биздин артиллерия жаңылып, өзүбүздүн солдаттарды аткылап салган.

Мен үйгө 1950-жылы, жети жылдан кийин гана кайткам.

Кыргыз элини Улуу Ата-Мекендик согушка кошкон салымы тууралуу билесизби? Тест бул жерде

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт