// //

Ата-энем сүйлөшүп жүргөн кызыма үйлөнүшүмө каршы. Эмне кылышым керек?

2019.05.03, 14:54
1450

Ата-энем сүйлөшүп жүргөн кызыма үйлөнүшүмө каршы болуп жатышат. Мен үйдөгү жалгыз уулмун. Сүйлөшкөн кызым жөнүндө ушак сөздөр көп айтылат, ооба, анын жарымы чындык. Жаңылбаган киши болбойт да. Болгону аны туура эмес тарбиялашкан, ыйманы жетишсиз, мен бардыгын өз колума алып, оңдогонго даярмын. Бирок атам менен апам такыр эле болбой коюшту. Эмне кылыш керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.05.2019, 14:55

Карлыгаш Акимкулова

“Psihoanaliz.kg” пасихотерапия борборунун адиси, психотерапевт

Үй-бүлөлүк жашоо оңой иш эмес. Эки адам баш кошуп жатканда, бардык көйгөйлөрдү биргеликте чечүүгө бел байлашат. Сиздин жазып жаткандарыңызга караганда, сүйлөшкөн кызыңыздын көйгөйлөрү, көп, анан оңой эмес окшойт. Ал жөнүндө ушак сөз айтылат, тарбиясы туура эмес экен. Башкача айтканда сиз анын көйгөйлөрүн чечүүнү өз мойнуңузга алып, анын атасы же энеси катары жаңыдан тарбия берейин деп чечтиңиз.

Сиз аны өтө жакшы көрөсүз, ошондуктан бардык кемчиликтерине көз жумуп үйлөнгүңүз келип жатат. Бирок мындай нике тең эмес. Адамды сүйгөндө аны оңдойм, өзгөртөм деп сүйбөйт. Адамдын кемчиликтеринин бардыгын кабыл алып, ошо бойдон жакшы көрөт. Үй-бүлө жалаң сүйүүдөн эмес бири-бирине болгон сый-урматтан да турат.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт